Депутат Суусамырдагы жайыттардын абалы оор экенин айтып, бул боюнча кандай иштер жүргүзүлүп жатканын сурады
Депутат Алмасбек Акматов Суусамырдагы жайыттардын абалы оор экенин айтып, бул боюнча кандай иштер жүргүзүлүп жатканын сурады.
“Суусамырдагы жайыттардын абалы оор экен. Кандай жумуштар жүргүзүлүп жатат? Өлкөдө канча пайыз жайыттардын абалы оор болууда?” – деп сурады депутат.
Жайыт комитетинин төрагасы учурда 43 пайыз жайыттардын абалы оор болуп жатканын айтты. “Жайыттар - элибиздин байлыгы. Суусамырда жана башка аймактарда жайыттар талкаланып кеткен. Бул боюнча 2-3 жылдан бери мониторинг жүргүзүлуп жатат”, - деп жооп берди.
Жыйында Жер кодексине, “Жер участокторун которуу жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору каралып жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:38
2025-07-18

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.