13-июнга карата Кыргызстандагы аба ырайы тууралуу маалымат

13-июнда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым райондорунда, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге чейин жетет. Ал эми өлкө боюнча күтүлгөн абанын температурасы төмөндөгүдөй:
Чүй облусунда күндүз +23...+28°C, түнкүсүн +13...+18°C
Талас облусунда күндүз +22...+27°C, түнкүсүн +12...+17°C
Ош жана Жалал-Абад облустарында күндүз +27...+32°C, түнкүсүн +16...+21°C
Баткен облусунда күндүз +25...+30°C, түнкүсүн +13...+18°C
Ысык-Көл облусунда күндүз +19...+24°C, түнкүсүн +9...+14°C
Нарын облусунда күндүз +21...+26°C, түнкүсүн +7...+12°C
Бишкек шаарында күндүз +26...+28°C, түнкүсүн +16...+18°C
Борбор калаада жаан-чачын болушу күтүлбөйт.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
0

