super.kg logo

Өлкө боюнча таза суу маселеси Жалал-Абад облусунда эң орчундуу

 

Өлкөдө таза суу маселеси боюнча эң орчундуу аймак - Жалал-Абад облусу. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин жыйынында Ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана суу берүүнү өнүктүрүү департаментинин төрагасы Аскарбек Токтошев билдирди.

Өлкөдөгү 386 айыл аймагында таза суу маселеси оор. Анын ичинен 179 айыл Жалал-Абад облусунда жайгашкан. Бул боюнча эң орчундуу аймактар Базар-Коргон жана Ала-Бука райондорун түзөт. Мындан тышкары таза суу маселесинде орчундуу аймактардын катарына Баткен облусундагы Кадамжай, Лейлек райондору кирет”, - деди Токтошев.

Ал таза суу менен камсыз кылууга жумшалган каражаттардын суммасына токтолду.

Таза сууга эгемендүүлүктөн кийин грант, насыя иретинде 69 миллион 500 миң доллар 2009-жылга чейин келген. Кийинки келген 69 миллион 500 миң доллар натыйжасыз пайдаланылган”, - деди Токтошев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
26.02.2018. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен да Жалал-Абад облусунун Ноокен районунан болом. Биздин гилтейген айылда да таза суу жок. Айылда канча кожолук болсо, баардык уйдо кудук бар. Ал кудукка айына 500сомдон суу куйдуруп бир ай жашайбыз. Суунун мекени Кыргызстан суунун башында Кыргызстан дегендерге тан калам. 5-6гес куруп алып суунун мекени Кыргызстан дегенден эч тажабадык. Ал гестерди да Кыргызстан озу курса олмок экенбиз мактана берип.
26.02.2018. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Алабукада дээрлик кооп айыл таза суу жок эсе
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: