Юрист: "Аида Салянова депутаттык милдетин уланта берсе болот"
"Аида Салянова депутаттык милдетин уланта берсе болот". Мындай пикирин депутаттын адвокаты Канатбек Азиз SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, Кыргыз мамлекетинин саясий практикасында мындай учур биринчи жолу болуп жатат.
"Салянова 2029-жылдан тарта, тагыраагы, 2 жаштагы наристеси 14 жашка чыккандан кийин гана жазасын өтөй турганы соттун чечиминде көрсөтүлгөн. Ооба, буга чейин соттолгон бир топ депутаттын мандаты алынган. Бирок Аида Салянованын маселеси ал маселелерден башка. Саляновага чыккан чечимде "жазасы 2029-жылга чейин аткарылбасын" деп турат, анткени 2029-жылы учурдагы наристеси 14 жашка толот.
Учурда буга карабай мандатынан ажыратуу маселеси көтөрүлүүдө, жаза деген бир эле жолу болуш керек да. Иш мындай улана турган болсо, Салянова 2029-жылга чейин дагы жазасын тартып, анан дагы уланып 2035-жылга чейин жазаланып, эки ирет жаза тартып калат. Соттун чечиминде мамлекет белгилүү себептер менен белгиленген мөөнөткө чейин жаза берүүдөн убактылуу баш тартат деп белгиленген. Ага карабай эле учурда эч жерде иштебейсиң, эч жакка чыкпайсың деп жаза күчүнө кирип кетти, бул туура эмес. Ошол себептен БШК Салянованын мандатын албашы керек, мандат алуу маселеси 2029-жылы каралышы керек, эгер ошондо да Салянова депутат болуп турса", - деди юрист.
Эске салсак, 7-февралда Бишкек шаардык соту депутат Аида Саляновага карата чыгарган Ленин райондук сотунун өкүмүн өзгөртүүсүз калтырган. Салянова "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 2017-жылдын 10-октябрында Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет. 19-февралда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов аталган комиссияга Аида Салянованын иши боюнча айыптоо өкүмүнүн көчүрмөсү түшкөнүн билдирген.
"Аида Салянованын депутаттык мандатынан ажыратууга укугу жок" дейт

