super.kg logo

Бишкектин тургуну: "Ит базарда сатылбай калган күчүктөрдү мыкаачылык менен өлтүрүп таштандыга ыргытып жатышат"

 

Бишкек шаарынын Москва-Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан ит базарда иштеген адамдар күчүктөрдү сатып беребиз деп ээлеринен алып, өлтүрүп ыргытып салышат. Бул тууралуу борбор калаанын тургуну, жаныбарларды ыктыярдуу коргоочу Анна Гришанина билдирди.

Анын айтымында, ушул жылдын 13-январында шаардын тургуну ит базарга жакын жерде жайгашкан таштанды таштоочу жайдагы кутунун ичинде жаткан 27 күчүктү таап алган.

"13-январь күнү Бишкек шаарынын тургуну социалдык тармакка 27 күчүктү таап алганын жарыялаган. Биз ал күчүктөрдү алган учурда алар үшүп, ачкадан кыйналып калган экен. Ветеринардык ооруканаларда дарылап, айыктырганбыз. Андан кийин күчүктөрдү тааныштарга жана каалоочуларга таратып бергенбиз. Учурда табылган күчүктөрдүн баары адамдардын колунда багылып жатат", - деди Анна Гришанина.

Анын айтымында, кутудагы күчүктөрдү таштанды таштоочу урнага ит базарда иштегендер ыргытышат.

"Шаардын тургундары иттери тууганда күчүктөрдү кайсы жакка жайгаштырууну билбей ит базарга алып келишет. Ал жакта иштегендер күчүктөрдү "сатып беребиз" деп кожоюнунан 100 сомдон алышат. Сатуучулар апта бою күчүктөрдү контейнерде сактап, дем алыш күндөрү сатыкка коюшат. Анан сатылбай калган күчүктөрдү кутуларга жана каптарга салып ыргытып салышат, айрым соодагерлер күчүктөрдү мыкаачылык менен өлтүрүп ыргытышат. Биз бул боюнча Бишкек шаарынын мэриясына кайрылганбыз, бирок эч кандай чечим чыгарылган жок", - деп кошумчалады ыктыярчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(10)
26.02.2018. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Байкуш кучукторум, аябай жакшы көрөм.
26.02.2018. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кучугум десе))) Олтурбогулочу
26.02.2018. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кыяматта жооп берет ким жаныбарга зулумдук кылса
26.02.2018. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Акмак арамдар наристе кучукту кантип колу барып олтурушот таш боорлор азабын тартасынарго бир кезде
26.02.2018. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мен күчүк сатып алайын дегем да. Жуманын кайсы күндөрү иштейт ит базар
26.02.2018. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Kelechek1, Воскресенье иштейт.бирок баасын асмандан алышабы билбейм.жакында эле барып албай кеттим слишком эле кымбат экен.
26.02.2018. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
TalaCSKA,Койдон кымбат койду 5 минге алсан кучукту 150-200$ дер куйдурушот да
26.02.2018. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Кереги жок ит,кучук,мышык олтурчу жер керек, окмот карап берсе. Ансызда жолбун иттер коп, кучугум деп дагы кобойтосунор. (ошо олтурбосок анда сойуп фарш кылып саткандар да болуп атса керек)
26.02.2018. 21:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баардык жаныбарларды эч бир себепсиз олтургондор булар мыкаачыданда жаман айбандар!
26.02.2018. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иттерге бойго бутуруудон сактангыла деш керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: