"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Жалал-Абадда жол кырсыгына кабылган айдоочу эмне үчүн чечинип, сөгүнгөнүн милициядан түшүндүрүштү



Жалал-Абад шаарында Эркиндик көчөсүндөгү (№4-мектептин алдында) жол кырсыгы боюнча тийиштүү протоколдор түзүлүп, унаалар унаа токтоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Дэу Матиздин айдоочусу мас экени аныкталып, ал кырсык болгон жерден түшүнбөстүктөн улам уят сөздөр менен сөгүнүп жаткан.
"Дэу Матиз жана Тойота Хайлендер үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгынан улам жабыр тарткандар жок. Матиздин айдоочусу мас абалында болгондуктан сөгүнүп баштаган. Учурда автотехникалык экспертиза дайындалды. Жол кырсыгына ким күнөөлүү экени жыйынтыгында белгилүү болот", - дешти облустук милициядан.
Айта кетсек, буга чейин окурман SUPER.KG'ге кайрылып, Жалал-Абад шаарындагы Эркиндик көчөсүндө эки унаа жол кырсыгына кабылып, айдоочунун бирөөсү мас абалда уят сөздөр менен сөгүнүп жаткан видеотасманы жиберген.
Жалал-Абадда мас айдоочу чечинип, сөгүнүп жатты 25.02.2018 (сөгүнгөн сөздөр бар)



1 |