super.kg logo

Акыйкатчы: "Суицидге барган өспүрүмдөрдүн көпчүлүгү мигранттардын балдары. Ата-энелердин жоопкерчилигин күчөтүү зарыл"

 

Акыйкатчы Кубат Оторбаев суицидге мигранттардын балдары көп бара турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 26-февралда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинин жыйынында билдирди.

Кубат Оторбаев ата-энелердин жоопкерчилигин күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

"Мектеп-интернаттарында ата-энеси жок балдар эмес, мигранттардын балдары көп окуйт экен. Мигранттар балдарын жатак мектебине таштап, эч кандай кабары жок бир канча убакыттан кийин келишет. Балдарын тааныбай калган учурлар да бар. Мектеп-интернатын жаап салууну сунуштабайм. Себеби туугандарынын үйүнө таштап кетсе зордук-зомбулукка кабылат. Ата-энелердин жоопкерчилигин күчөтүү зарыл", - деди акыйкатчы.

Учурда жыйында балдарга карата зордук-зомбулукту алдын алуу жөнүндө Жогорку Кеңештин протоколдук тапшырмасынын аткарылышы тууралуу маселе каралып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(7)
26.02.2018. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кантип кучотуу зарыл? Керек,керек, деген мода соз бутуп,эми зарыл зарыл деп баштапсынар
26.02.2018. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ошол ата энеда жыргаганыдан балдарын таштап кеткен жокко.дагын эле айланып тегеренип эле акчага такалат.кайсыл эле ата эне оз балдарын таштап кеткиси келет,аларда уй жай кылайлы деп талаалап журушотта.озубуздо жумуш болсо адамдар талаалап ботон жерде мигрант болуп балдарын ата энелерин таштап кетпейт элего
26.02.2018. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Балдарга ата энелердин жоопкерчилигин күчөтүү азыркы учурдун талабы, балдарга ата-энесинин материалдык жактан колдоосу экинчи орунда. Балдарга өзгөчө өткөөл куракта , кайсы убакта болбосун ата-эненин мээриминин жетишсиздигинен балдар өз жанын кыюуда.
26.02.2018. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ата энелердин жоопкерчилигин тартпай.Андан коро Кыргызстанга Кой-Таштагыдай хан сарайларды салдырбай ошонун ордуна завод фабрикаларды ачсанар.Балдрын таштап кеткен мигрантардын саны азайат.
KGstan1981 түзөттү 2018-02-26 16:18:50
26.02.2018. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Иштегендер кошо ала кетиши керек акча деп эле балдарды кароосуз калтырбай
26.02.2018. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тантыраган акыйкатчы го. Жумуш ордун тузуп анан кучотбойбу жоопкерчилигин. Мисалы мен мигрантмын балдары Кыргызстанда шаарда Али кичинекей. Мен алардын мунайып калганын элестетсем журогум жарылып кетейин. Жакында Россияга алып келем. Мумкунчулук болсо 1 кун дагы калтырбайт болчум
26.02.2018. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ата-энелерди балдарынын жанына алып барып кой дагы аларды сен бак Кубат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: