super.kg logo

Акылбек Жапаров "Датка-Кемин" подстанциясына Кытайдан берилген насыя кыска убакытка жогорку пайыз менен берилгенин айтты

 

Бүгүн, 26-февралда Бишкек жылуулук электр борборундагы аварияга байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйыны өтүүдө. Анда ошол учурдагы өкмөттүн жогорку кызматында иштеген жетекчилер суралып жатат.

Комиссияны жетектеп жаткан Улан Примов жыйынга чакырылган ошол кездеги жетекчилердин айрымдары комиссиянын жыйынына келүүдөн баш тартканын айтты. 2012-жылга чейин Каржы министрлигин жетектеген Акылбек Жапаров “Датка-Кемин” подстанциясын курууда да кытай тарап менен макулдашуу шашылыш, көп кемчиликтер менен болгонун айтты.

Аскарбек Шадиев менен биз бир учурда кызматка келгенбиз. 2010-жылы келип, 2012-жылдын 6-сентябрында кызматтан кеткенбиз. “Датка-Кемин” станциялары курулуп жатканда ошол келишимди бекиткенбиз. Бул келишим шашылыш кабыл алынышы керек деп Жогорку Кеңеште 2 саат чуу болуп жатып бекитилген. Мен башында эле Кытайдан каржыны түз алганга каршы болгом. Анткени 20 жыл аябай аз убакыт менен үстөк пайызы жогору берилген. Мен каржы министри катары буга каршы тургам. Мындан тышкары келишимде кийин териштирүүчү маселе жаралып калса, Кытай мыйзамдары аркылуу Кытайда териштирүүлөр болот деген бөлүккө каршы болгом”, - деди Жапаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
26.02.2018. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озу Шадиевди камаш керек... Кыргызгазды бир долларга саттыруу боюнча келишимдин артында Шадиевдин башы кылтыят. Датка-Кемин долбоорундагы Кытпйдан алынуучу кредиттин артында да Шадиев. ТЭЦти жанылоо учун деп алынып кайда жумшалганы дайынсыз 386 миллион долларлык насыянын алынышы, "чонтокторго" кетиши боюнча да Шадиевдин аты аталат баягы эле.....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: