super.kg logo
  Саясат  

Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп бир жыл иштеген Айзада Субакожоева кызматынан бошотулду (өмүр баяны)

 

Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Айзада Субакожоева ээлеген кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун аталган аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Айзада Субакожоева Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысынын орун басары болуп дайындалганына байланыштуу президенттик аппараттагы кызматынан кетти. Субакожоева президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүм башчылыгына 2017-жылдын 2-февралында дайындалган эле.

Өмүр баяны:

Субакожоева Айзада Муратбековна 1979-жылы Фрунзе шаарында төрөлгөн. Бишкек гуманитардык университетинин Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетин аяктаган. Пекин университетинин эл аралык мамилелер факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолу:

2003-2004-жылдары — Кыргыз Республикасынын Кытайдагы элчилигиндеги штаттан тышкаркы кызматкери;

2004-2006-жылдары — Бишкек гуманитардык университетинин кыргыз-кытай факультетинде мугалим;

2005-2006-жылдары — Бишкек гуманитардык университетинин алдындагы кытай тили боюнча борбордун аткаруучу директору;

2006-2007-жылдары — Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин 3-катчысы;

2007-2009-жылдары — Тышкы иштер министрлигинин Чыгыш мамлекеттер департаментинин 3-катчысы;

2009-2013-жылдары — Кыргыз Республикасынын Кытайдагы консулу;

2013-2015-жылдары — Тышкы иштер министрлигинин чектеш мамлекеттер боюнча департаментинин 3-2-1-катчысы;

2015-2016-жылдары — Президенттин аппаратынын тышкы саясат боюнча бөлүмүнүн адиси;

2016-2017-жылдары — Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн аналитикалык секторунун жетекчиси;

2017-2018-жылдары — президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүм башчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: