Бишкекте балбан Базар Базаргуруевге 2008-жылы өткөн Олимпиада оюндарынын коло медалы тапшырылат

Бишкек шаарында старт ала турган күрөш боюнча Азия чемпиондугунда Кыргыз өлкөсүнүн атынан Пекинде өткөн Олимпиада оюндарында катышкан Базар Базаргуруевге коло медаль тапшырылат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, эл аралык Олимпиада комитети 2017-жылы украиналык Василий Федоришиндин канында допинг табылгандан улам анын ийгиликтерин жокко чыгарган. Буга байланыштуу анын 2008-жылы Пекинде өткөн Олимпиада оюндарында жеңип алган күмүш медалы япониялык спортчуга, ал эми коло медаль Кыргыздын атынан күрөшкөн Базар Базаргуруевге ыйгарылган.
"Базар Базаргуруев Бишкекте өтө турган күрөш боюнча Азия чемпиондугуна келсе, ага Олимпиаданын коло медалы тапшырылат. Бул медалды Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сапар Исаков тапшырат деп күтүп жатабыз", - дейт спорт агенттигинин маалымат катчысы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
tynchy

27.02.2018. 12:08
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ийгиликтин эрте кечи жок Куттууктайбыз
aiman1983

27.02.2018. 17:30
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иииии, допингди эми аныкташыппы? 2017-жылы табышса, 2008-жылкы медалга эмне тиешеси бар?
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.