super.kg logo

Кыргыз өлкөсүнүн 2 миң сом номиналындагы банкнотасы эл аралык сынакта эң мыкты деп табылды

 

Кыргыз өлкөсүнүн 2 миң сом номиналындагы банкнотасы эл аралык сынакта эң мыкты деп табылды. Бул тууралуу маалымат Улуттук банктын расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, жакында эле жүгүртүүгө кирген 2 миң сомдук банкнота Борбордук, Чыгыш Европа жана КМШ өлкөлөрүнүн "Жылдын эң мыкты аймактык банкнотасы-2018" эл аралык сынагында баш байгеге ээ болду.

Сынак Польшанын Варшава шаарында 19-21-февралда өткөн "High Security Printing" конференциясынын алкагында өткөн.

Аталган сынакка Орусиянын 200 жана 2 миң рублдук банкноталары, Армениянын 500 драм банкнотасы жана Грузиянын 5 лари банкнотасы катышкан.

"Аталган сыйлыкты тапшырууда банкноттун дизайны, коргоо элементтери, көркөм жасалгалоосуна өзгөчө көңүл бурулат. Ошондой эле элдин маданий мурастары, символикасынын банкнотада чагылдырылып берилишине өзгөчө көңүл бурулат", - деп жазылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 17-ноябрдан тартып 2000 сом номиналындагы улуттук валютанын алгачкы нумизматикалык эстелик банкнотун чыгарып баштаган. Эстелик банкнот Кыргыз мамлекетинин байыркыдан бүгүнкү күнгө чейинки калыптануу жолун чагылдырган жана заманбап коргоо элементтерин камтыган, өзгөчөлөнгөн дизайнга ээ. Банкноттун алдыңкы бетинде айкөл Манас Аккуласын минип, жоо-жарагы шайма-шай эл четинде, жоо бетинде турган элеси түшүрүлгөн. Банкнотанын арткы бетине кыргыз элинин басып өткөн жолун, жакшы жашоого умтулуп, жетишкен ийгиликтерин чагылдырган өмүр дарагы чагылдырылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(3)
26.02.2018. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы жакшы
26.02.2018. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага дагын абдан жагат
27.02.2018. 00:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Кандайча сынак болду экен?жана интернетте бир бала акча өрттөп жатат эле,ошонун сынагы бекен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: