Ошто “Эркектердин ден соолугунун күндөрү” аттуу акция башталды
Ош шаарында 13-15-июнь күндөрү “Эркектердин ден соолугунун күндөрү” аттуу акция өтөт. Иш-чараны Улуттук госпиталдын алдындагы республикалык урология илимий борбору менен Ош шаардык мэриясы биргеликте уюштуруп жатат. Урологдор ассоциациясынын маалыматына таянсак, уронефрологиялык оорулар менен өлкөнүн түштүгүндөгү эркектер көп оорушат. Буга аба ырайынын ысыктыгы себеп. Акциянын шылтоосу менен Ош шаарында жашаган мырзалар жогорку тажрыйбалуу адистерден бекер кеп-кеңеш алып, толук текшерүүдөн өтө алышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
0

