Алпаруучу Нурзада Жолдошева турмушка чыгат
Белгилүү бойдокторубуздун арасы күн санап суюлуп баратат. Дегенибиз мукам үндүү ди-джей жана алпаруучу Нурзада Жолдошева турмуш жолуна аттанууда. Бул тууралуу Нурзада айым SUPER KG порталына билдирди.
"Менин жан шеригим Азат аттуу мырза Ысык-Көлдөн болот. Экөөбүз көп жылдардан бери эле тааныш болчубуз. Бирок мен жигит жандап жүргөнгө убактым такыр болгон эмес. Азат дагы медициналык билим алам деп убактысын окууга арнаган экен. Биз кыз-жигит болуп өткөн жылдын күз мезгилинде гана сүйлөшүп баштадык. Анан ата-энелерибиз таанышып, той тууралуу сүйлөшүштү. Ош менен Ысык-Көлдү бириктирген кыз узатуу салтанаты 4-мартта болот. Кыска убакытта эле сүйлөшүлгөндүктөн азыр тойго даярдык көрүп жатабыз", - дейт алпаруучу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:13
2025-11-07
11:24
2025-11-03
10:29
2025-11-01
Рейтинг:
5
5

Супер-Инфо
super.kg видео
















Аксыдан го
Бактылуу болгула!