"Дамирбек Асылбек уулу кыргыз, Ысык-Көлдүн кулуну" дейт санаалашы Балбак Түлөбаев



Казакстанда атайын операциянын жүрүшүндө кармалган Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулунун улуту кыргыз, Ысык-Көл облусунда туулган. Бул тууралуу SUPER.KG порталына депутаттын жакын санаалаштарынын бири "Аю холдинг" компаниясынын вице-президенти Балбак Түлөбаев билдирди.
"Дамирбек Асылбек уулу же биз билген Динарбек кыргыздын гана уулу, Ысык-Көл облусунун кулуну. Ата-энеси Ак-Суу районунда жашайт. Мен Дамирбекти 2005-жылдан бери тааныйм, мамилем бар. Ооба, ал ката кетирди, бирок анын улуту казак экен деген туура эмес. Учурунда Казакстан өлкөсүнө күрөшүп жүргөндүгү үчүн убактылуу паспорт жасалгандыр, ошону көтөрүп чыгып Казак жараны экен деген туура эмес", - дейт Түлөбаев.
Эске салсак, 19-февраль күнү Казакстандын Башкы прокуратурасы аталган өлкөнүн чек арага жакын аймагында контрабанда менен шугулданган уюшкан кылмыштуу топторго каршы аракетти күчөтүү, бажыга байланыштуу тармагындагы укукка каршы ишмердүүлүктү токтотуу максатында атайын операция жүргүзүлгөнүн билдирген. Жыйынтыгында 35 шектүү адам кармалып, анын ичинде 3 Кыргыз жараны бар. Анын бири - Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу экендиги тастыкталган. Кармалгандар Кытайдан Казакстанга, ошондой эле Кытайдан Кыргыз мамлекети аркылуу Казакстанга көмүскө схемалар жана жасалма документтер менен товар киргизүүгө шектелип жатышат.
Казакстандын ЖМКлары бул өлкөнүн ИИМинин алдындагы Мамлекеттик тил жана маалымат департаментинин башчысы Алмас Садубаевге шилтеме берүү менен бул депутат Казакстанда туулганын, жашы жеткенде Казакстан жарандыгын алып, ал паспорттун мөөнөтү бүткөндө Казакстандан жаӊы паспорт алганын жарыялашкан.
кошулду


Булар дагы көпчүлүктөн түзүлгөн табакташтар тура ..
Ушундайлардын себебинен Кыргызстан коррупциянын чеңгелинен чыга албай,артка кеткендиги анык көрүнүп турат.БШК УКМКга баары белгилүү алар баарын билишет, бирок кекиртек кыйла жерге секиртет деп болоор болбос акчанын айынан бирөөгө көз каранды болуп, куурчагына айланышат.Анысын өздөрү сезишпейт.