super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 27-ФЕВРАЛЬ: Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтык Шайназаров 44 жашка толду

 

Бүгүн, 27-февралда депутат Тынчтык Шайназаров 44 жашка толду. Ал Жогорку Кеңешке 2010-жылы "Республика" партиясынын, 2015-жылы "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын тизмеси менен депутат болуп келген. Үй-бүлөлүү, 5 баланын атасы.

Шайназаров 1974-жылы 27-февралда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Мады айылында туулган.

1996-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин Юридика факультетин бүтүргөн.
Эмгек ишмердүүлүгүн Кызыл-Кыя шаарынын прокуратурасында тергөөчү болгонго чейин 1996-жылы Чоң-Алай районунун прокуратурасында стажёр-тергөөчү болуп иштөөдөн баштаган.
1999-жылдын февралынан баштап 2001-жылдын ноябрына чейин Ош облусунун прокуратурасында кылмыштарды тергөөгө көзөмөл боюнча секторунун прокурору болуп иштеген.
2001-2002-жылдары Ош облусунун прокуратурасынын улук тергөөчүсү болуп эмгектенген.
2003-2004-жылдары Ош облусунун прокуратурасында кылмыштарды тергөөгө көзөмөл боюнча секторунун прокурору;
2004-2007-жылдары Ош шаарынын прокуратурасында кылмыштарды тергөөгө көзөмөл боюнча бөлүмдө жетекчинин милдетин аткаруучу, жетекчи;
2007-жылдын августунан 2009-жылдын августуна чейин Ош облусунун прокурорунун улук жардамчысы болуп иштеген.
Ал эми 2009-жылдын сентябрында Жалал-Абад шаарынын прокурору болуп дайындалган.
2010-жылдын ноябрында “Республика” партиясынан Жогорку Кеңештин V чакырылышына, 2015-жылдын 4-октябрында “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан Жогорку Кеңештин VI чакырылышына депутат болуп шайланган.
Юстициянын II класстагы кеңешчиси.
27-февралдын жылнаамасы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: