super.kg logo

Кыргыз жеринде тигилген кийимдерден формальдегид заты табылды деген маалыматтан кийин кездеме, кийим-кечелер текшерүүгө алынууда

 

Кыргыз өлкөсүнүн Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти базарлардагы кийим-кече, кездемелерди текшере баштады. Буга Казакстандын Караганды шаарында Кыргыз өлкөсүнөн тигилип жеткирилген жаш балдардын кийиминен формальдегид заты табылды деген маалыматтар себеп болду. Бул тууралуу санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин башчысы Төлөн Исаков билдирди.

"Карагандыдан тараган маалыматтан улам учурда өлкөдөгү чоң базарлардагы кийим-кече, кездемелерди текшерүү башталды. Кездемелерден кичине кесип алсак, кийимдин ар түрүнөн бирден үлгүнү сатып алып жатабыз.

Бизде тигилген кийимдер Казакстанга эле эмес башка өлкөлөргө да кетет. Буга чейин кийим-кече, кездемелерди биз дагы Казакстан да текшерип келген.

Формальдегид заты кийимдерге формасын жоготпоо үчүн кошулат. Буга чейин биз жүргүзгөн текшерүүдө аталган зат өлчөмүнөн ашык болгон учур катталган эмес. Кыргыз мамлекетинде текстиль жана кийим-кечелердин сапатын текшерүүчү үч ири лаборатория бар.

Карагандыдагы кийимдер биздики деле болбой калышы мүмкүн. Башка жактан алып келип биздин өлкөнүн этикеткасы тигилген да болушу ыктымал", - дейт жетекчи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
27.02.2018. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Россияда Соодагерлер оздору 'бишкек'деп сатышат кытайдын товарын. Кытай десе орустар алышпайт, озубуздун олкону жаманатты кылышып.
27.02.2018. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Iridiym95,акча болсо болду болуп калды баарыбызга.
27.02.2018. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргыз ишкерлерин жок эле дегенде коргоп берсе экен мамлекетибиз. Завод фабрика кура алышбаса да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: