Бишкекте мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин жыйыны өтүүдө



Бүгүн, 27-февралда Бишкекте коомдук кеңештер менен өкмөттүн коррупцияга каршы күрөшүүгө байланышкан алгачкы жыйыны өтүп жатат. Талкууга Коопсуздук кеңештин, өкмөттүн, мамлекеттик органдардын, коомдук кеңештердин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда.
Талкуу учурунда коомдук кеңештер тарабынан мамлекеттик кызматтардын коррупция менен күрөшүүдөгү аракетинин эффективдүүлүгүнө баа берилет жана анын эффективдүүлүгүн арттыруу үчүн сунуштар берилет.
Буга чейин коомдук кеңештер өздөрүнүн сунуштары өкмөттүк органдар тарабынан аткарылбай жаткандыктан премьер-министр Сапар Исаковго биргелешип иштөө боюнча сунуштарын беришкен. Жыйынтыгында коомдук кеңештер менен өкмөт биргелешип иштөө жана ай сайын бир жолу талкуулап турушмак болушкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:38
2025-07-18

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.