super.kg logo

"Кыргыз Туусу" гезити жана 18 дарыгер Талантбек Батыралиевден кечирим сурады. Министр калган 6 дарыгерди сотко берет

 

Саламаттыкты сактоо министри Таланбек Батыралиев 24 дарыгерди жана "Кыргыз Туусу" гезитин сотко бергени боюнча соттук иш үзгүлтүккө учурады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, иштин үзгүлтүккө учурашына жетиштүү материалдардын жоктугу себеп болгон. "Кыргыз Туусу" гезитинин жетекчиси министрге келип жолуккан. Ошондой эле 24 дарыгердин ичинен 18 дарыгер кандай арызга кол коюп жатканын так билбегендигин, аларга арыздын текстинин мазмунун башкача тааныштырып, алар алданып кол койгонун билдиришкен.

"Бүгүнкү күндө 24 дарыгердин ичинен 18 дарыгер өз арыздарын жазышкан, биз башка текстке кол койгонбуз, бизди алдашты деген мааниде. Ал эми "Кыргыз Туусу" гезити боюнча гезиттин башкы редактору өзү келип, биз кечирим сурайбыз жана "төгүндөө" материалын жазабыз деп министрдин өзүнө жолугуп кетишкен. Калган 6 дарыгерди сотко беребиз", - деп билдирди министрликтин басма сөз кызматынан.

Эске салсак, саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев 2017-жылдын 1-декабрындагы “Кыргыз Туусу” гезитине жарыяланган дарыгерлердин кайрылуусу боюнча гезитти жана дарыгерлерди жалган маалымат тараткан деген айып менен сотко кайрылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
27.02.2018. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мынча жини келип тушкон суротко
27.02.2018. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мынча жини келип тушкон суротко,эч киминерди соо койбойм дейтко бул турушунда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: