super.kg logo

Жүк ташыган айдоочулар коому: "Жолду сапатсыз салышып, талкаланса бизге шылтап коюуну адат кылышты"

 

Өлкөдөгү жолдор сапатсыз салынып жатат. Мындай пикирин бүгүн, 27-февралда "Кыргыз хово транспорт" коомдук бирикмесинин өкүлү Азамат Түркмөнов маалымат жыйында билдирди.

"Негизи жолду сапаттуу сала албай жатышат. Бишкектен эле бир-эки жерди мисал катары айтып берейин. Өткөн жылы жаңы эле оңдоп-түздөлүп бүткөн Щербаков көчөсү азыр жарылып, чөгүп кетти. Ал салынып жатканда да биз кандай салынганын көргөнбүз. Жол салуунун технологиясын сактабай салышат. Жолдор бузулганда эле жүк ташуучу унаалар бузуп жатат деп жаманатты кылышат. Совет менен Чыңгыз Айтматов көчөлөрүнөн Howo унаалары жүрбөйт, ал жактар деле талкаланып жатпайбы", - дейт Азамат Түркмөнов

Маалымат жыйын "Кыргыз хово транспорт" коомдук биримесинин өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү. Анда алар өлкө ичиндеги жүк ташыган унаалар 10 тоннадан жүк ташый турганын айтып, бул көрсөткүчтү 25 тоннага жогорулатуу үчүн кайрылуу жасашты.

Мындан сырткары эгер көрсөтүлгөн 10 тоннадан ашык жүк ташууга уруксат берилбесе, анда жүк ташуунун акысы көтөрүлөт. Андай учурда көмүрдүн жана башка каражаттардын баасы кымбаттап кетерин бирикменин жетекчиси Абасбек Доромбаев айтты.

"Ховолордун техпаспортунда 25 тонна көрсөтүлгөн, а бизге 10 тоннадан ашык жүктөгөнгө тыюу салынган. Биз машинанын документинде көрсөтүлгөн нормада жүк ташууга уруксат алгыбыз келет. 25 тонна жолдорго күч келтирбейт. Жолдорго күч келтирип жаткандар 40 тоннадан жүктөп алгандар", - деди Доромбаев

"Кыргыз хово транспорт" коомдук бирикмеси өлкө ичиндеги жүк ташуучу кызматтарды аткарат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
27.02.2018. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Калп эле оор жук ташуучу транспорторго шылташат! Туура айтышат акчаны жеп салышып эптеп стандартка жооп бербей турган курушат баарына Ак Уйдогу желмогуздар кунолуу!
27.02.2018. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бийиктегилерге тушунбойсун жолду сапатсыз салып койушуп 10 тонна деп чектешкени эмнеси анда бир отоло кол араба менен ташысын.
27.02.2018. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
озубуздун акчага курулган жолду озубуз талкалап жатабыз Ховонун озунун салмагы 14-15тонна +25тонна жуктоп алышып жолдорду талкалап жатасынар.
27.02.2018. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргызстанда жер алды бүт эле таштар Россиядагыдай саз эмес чектөө туура эмес жол кургандардан үстөк пул алышбаса эле жол сапатуу курулмак
27.02.2018. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жук ташуучу камаздар деле женил жук ташыбайтта, элестеткиле кун +40 болгондо любой асфальт бираз жумшайт, ошондо 60-70 тонна жук менен эзип салып жатышпайбы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: