super.kg logo

Экс-министр Арзыбек Кожошев: "Казакстанда 100 адамдын 80ине интернет жеткиликтүү, ал эми Кыргыз өлкөсүндө 100 адамдын 40ы интернетке кире алат"

 

Казакстанда 100 адамдын 70-80ине интернет жеткиликтүү, ал эми Кыргыз өлкөсүндө 100 адамдын 40ы интернетке туташа алат. Бул тууралуу 2017-жылга карата статистика менен бүгүн, 27-февралда "Таза коом" долбооруна арналган тегерек столдун жүрүшүндө мурдагы экономика министри Арзыбек Кожошев тааныштырды.

Анын айтымында, "Таза коом" долбоорун ишке ашырууда биринчи кезекте учурда кездешип жаткан көйгөйлөрдү жоюу керек.

"Таза коом" - бул өлкөнүн жашоочуларына гана керектүү жана пайдалуу долбоор болуп саналат. Ошондуктан аны тезинен жогорку деңгээлде ишке ашыруу керек. Эң биринчи көйгөй - каржы маселеси. Өкмөттөн убадаланган жыл сайын 500 миллион сомду күтө турган болсок, өлкө бул долбоорго өтүүгө кечигип калуусу толук ыктымал.

Экинчи маселе - бул маалыматтын коопсуздугу. Анткени ошол эле АКШда жарандардын электрондук маалыматы президентти шайлоонун жыйынтыгына өз таасирин тийгизди деген пикирлер дагы деле айтылууда. Ошол себептен мамлекет ар бир жарандын электрондук маалыматына коопсуздукту камсыз кылуу керек.

IT технологиялары жаатындагы адистердин жетишсиздиги да көйгөй жаратышы мүмкүн. Бул маселени атайын окуу жайларга көңүл бууру менен чечүү керек. Эң башкы көйгөй - бул жарандардын интернетке кирүү мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу. Андыктан интернетке туташууга жарандарга шарт түзүп берүү керек. 2016-жылы жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн негизинде Кыргыз жергесинде 100 жарандын ичинен 30 жаран гана интернетке туташа алган. Ал эми 2017-жылы ал көрсөткүч 10 жаранга гана өскөн. Эгер биз электрондук экономикага өтөбүз десек анда мындай көрсөткүч чоң маселени жаратат", - деди Кожошев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
27.02.2018. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Казактарды бизге салыштыргандан эмне пайда, ошол маселени кеп кылбай эле озунор чечип бербейсинерби. Качан болсо эле биро менен салыштырып тоодой маселеге айлантып журосунор.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: