super.kg logo

ЭЛДИК КАБАРга жооп: Чек ара кызматы "Достук" өткөрмө пунктунун кызматкерлери элден акча алып жатканы боюнча маалыматты четке какты

 

Өткөн жуманын башынан бери Ош облусунда жайгашкан Кыргыз-Өзбек чек арасындагы "Достук" өткөрмө пунктунда кезек күткөндөрдүн саны өсүүдө. Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева буга эки өлкөнүн ортосунда товар ташыган соодагерлердин саны өскөндүгү себеп болуп жатканын SUPER.KG'ге кабарлады. Анын айтымында, күнүнө бекеттен кирип чыккан адамдын саны 7 миңден 10 миңге чейин болуп жатат.

Абалды жөнгө салуу үчүн аталган мекеме тарабынан "Достук" пунктуна кошумча бөлмөлөр орнотулуп, кызматкерлердин саны көбөйтүлдү.

"Учурда жарандардын чек арадан кирип-чыгуусу күч алып, кезек күтүү эки тараптан тең катталууда. Абалды жөнгө салуу максатында Кыргыз мамлекетине кирип келе жаткандардын паспортун текшерүү үчүн өткөрүү пунктунда 5 кабина, чыгып бараткандарды текшерүү үчүн 5 кабина иштеп жатат. Ал кабиналарга дагы 4 кабина кошулат", - деди Бөрүбаева.

Ал эми буга чейин окурман чек арачылар элдин тыгынынан пайдаланып пункттан өткөн ар бир адамдан 300-500 сомдон алып жатышканын маалымдаган. Бирок Мамлекеттик чек ара кызматы айтылган маалыматты четке какты.

"Чек ара пунктуна видеобайкоолор орнотулган. Эч кандай акча ала алышпайт. Эгерде чек арачылардын пара талап кылганы боюнча бизге кабарлашса же өткөрмө пунктта илинип турган бирдиктүү номурларга кабар беришсе, биз териштирүүгө даярбыз. Акча алганы далилденсе, ал кызматкер жумуштан бошотулат", - деди Бөрүбаева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
27.02.2018. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Карга карганын козун чукубайт.Камеранар показуха иштебей эле жон турса керек.
27.02.2018. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Калпты окшоштурганды уйронгулочу кичине менин таанышым иштейт 20 000 айлык ала турган болсо 40 000 менен кайтат уйуно 20 000 карапайым элдерден алат экен озу эле айтып берген
27.02.2018. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен 500 сомго өттүм "миң" бересин деп баалашып алышат экен, батага баратканбыз адам өтө көп Кыргыз тарапта үчөө гана иштеп атыптыр анан өтө секин өткөрүп атышты ..
Aiza9797 түзөттү 2018-02-27 16:47:45
27.02.2018. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Араван районунун ЗАГС бөлүмү элдик кабарга маалымат жөнөткөн эле. Жооп жокго супер инфо. Же жооп беришбей жатышабы. Силерден элдин үмүтү чоң эле бир тыянак чыгат деп жиберишкен эле кабар алсаңар.
27.02.2018. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин да таанышым пограничник 1сменада 5-10мин сом левый болуп калат деди калппы чынбы билбейм.Именно ушул Достук та иштейт
27.02.2018. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Погрничниктерге окшотуп ар жака которуп. ..квартираман-квартира алмаштырып кочконун коргондо унчукпай бермексинер.Кварплатын мамлеккт толоп бербейт 15000сом айлыгын эмнесине жеткиришет анан.квартирасына толойбу же балдарын багабы?
27.02.2018. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мойнуна албайт качан кармаганда мойнуна албаса буларда жогору жака отметка кылатда
28.02.2018. 00:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер Инфо жакшылап текшерип коргуло ишенгенибиз силер эле калдынар!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: