Оренбургдагы радионун эфиринен кыргыз тилиндеги уктуруулар берилүүдө
Орусиянын Оренбург шаарында “Говорим по – кыргызски” уктуруусу кыргыз тилинде уктурулуп жатат. Бул тууралуу “Замандаш” бирикмесинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, уктуруу “Эхо Москва” радиостанциясынын Оренбург шаарындагы бөлүмү тарабынан учурда актуалдуу болуп жаткан жаңылыктарды суткасына 3 жолу кыргыз тилинде берүүдө. Аны менен катар казак, поляк жана татар диаспораларынын өкүлдөрү да мындай рубрикаларды жасаганы айтылат.
“Биздин мекендештер жаңылыктарды жарым жылдан бери суткасына 3 жолу эне тилибизде угуп келишүүдө. Аларга бул мүмкүнчүлүк кыргыз тилди унутпоого чоң салым болот. Келечекте үн коштогон жамаатты чоңойтолу деп жатабыз”, - деп билдиришти Оренбургдагы кыргыз диаспорасынынан.
Белгилей кетсек, “Говорим по – кыргызски” уктуруусу 2017-жылдын сентябрынан бери эфирден берилип келет.
Оренбургдагы кыргызча уктуруу



1 |