super.kg logo
  Спорт  

Күрөш боюнча Азия чемпиондугу: Кыргыз балбандары Урмат Аматов жана Жоламан Шаршенбеков финалга чыгышты

 
Жоламан Шаршенбеков
Жоламан Шаршенбеков
Жоламан Шаршенбеков
Жоламан Шаршенбеков
Урмат Аматов
Урмат Аматов
Урмат Аматов
Урмат Аматов
Урмат Аматов
Мурат Рамонов
Азат Бейшебеков
Эсен Асанов

Бүгүн, 27-февралда 31-жолу өткөрүлүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугу старт алды. Анда үй ээлеринин балбандары менен 18 өлкөдөн келген спортчулар 30 медаль топтомдору үчүн күч сынашат. Мелдештин биринчи күнүндө грек-рим күрөшү боюнча мелдештер башталып, анда эки кыргыз балбаны финалга чыга алышты.

55 килограмм салмакка чейинки категорияда 18 жаштагы Жоламан Шаршенбеков күйөрмандардын кызуу колдоосунда казак жана кытай атаандашын удаасы менен жеңип алды. Жаш балбан эми финалда япон балбаны Шота Танокура менен кезигет.

63 килограмм салмак ченинде өспүрүмдөр арасындагы Олимпиада чемпиону Урмат Аматов корей жана япон өлкөлөрүнүн спортчусун утуп, финалда 3 жолку Азия чемпиону, “Рио-2016” Олимпиада оюндарынын коло байге ээси өзбек балбаны Элмурат Тасмурадов менен беттешет.

77 килограмм салмакта күрөшкөн Эсен Асанов медаль үчүн күрөштү токтотсо, Азат Бейшебеков (87 килограмм) менен Мурат Рамонов (130 килограмм) коло байге үчүн күрөштөрүн улантат.

Финалдык беттештер бүгүн саат 18:00дө башталат.






Күрөш боюнча Азия чемпиондугу: Урмат Аматовдун япон спортчусу менен беттеши

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
27.02.2018. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик женишинерди кутобуз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: