super.kg logo

Мамкаттоо кызматы: "ЕАЭБдин алкагында автоунааларга электрондук паспорт берилет"

 

"Таза Коом" долбоорунун алкагында өлкө боюнча айылдык аймакта 301 маалыматтык күркө уюштурулду. Бул тууралуу бүгүн, 27-февралда "Таза Коом" долбооруна арналган тегерек столдун жүрүшүндө Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Бакыт Жусупбеков билдирди.

Анын айтымында, маалыматтык күркө коррупцияны жоюуга жана жарандардын убактысын үнөмдөөгө шарт түзөт.

"Алыскы тоолуу аймактардагы жарандарга жеткиликтүү кызмат көрсөтүү үчүн "Таза Коомдун" негизинде 2017-жылы айыл аймактарында атайын маалыматтык күркөлөр уюштурулган. Жарандар документ алыш үчүн районго түшүүнүн кажети жок. Айыл тургундары акчасын үнөмдөө менен бирге аталган күркөлөргө кайрылып керектүү документтерди алса болот. Мындайча айтканда, жарандарды каттоо мекемесинин чакан түрү катары кызмат көрсөтүүдө", - деди Жусупбеков.

Аны менен катар жетекчи Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында унааларга электрондук паспорт берүү менен бирдиктүү маалыматтык базага киргизүү аракеттери көрүлүүдө.

"Учурда бул маселе боюнча атайын иликтөө иштери кызуу жүрүүдө. 2018-жылы бирдиктүү маалыматтык базага өтөбүз деп турабыз. Анда унаа тууралуу маалыматты башка өлкөдө туруп эле кошумча документтерсиз эле аныктаса болот", - деп билдирди мамкаттоо кызматынын төрагасынын орун басары.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(1)
27.02.2018. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми күркөөдөгүлөргө канча сомдон беребиз чоң кылып кире беришине жазып койгула
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: