super.kg logo

БШКнын төрайымы: "Дамирбек Асылбек уулунун кош жарандуулугу боюнча тийиштүү органдарга суроо-талап жибердик"

 

"Дамирбек Асылбек уулунун кош жарандуулугу боюнча тийиштүү органдарга суроо-талап жибердик", - деп бүгүн, 27-февралда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Шайлдабекова расмий билдирүү келгенден кийин БШК чечим кабыл ала турганын айтты. "БШК Тышкы иштер министрлиги аркылуу Дамирбек Асылбек уулунун кош жарандуулугу боюнча суроо-талап жибердик. Анткени биздин чечимдердин баары негиздүү болуш үчүн Казакстандын ИИМинин расмий документинин көчүрмөлөрүн сурадык", - деди Шайлдабекова.

Эске салсак, 19-февраль күнү Казакстандын Башкы прокуратурасы аталган өлкөнүн чек арага жакын аймагында контрабанда менен шугулданган уюшкан кылмыштуу топторго каршы аракетти күчөтүү, бажыга байланыштуу тармагындагы укукка каршы ишмердүүлүктү токтотуу максатында атайын операция жүргүзүлгөнүн билдирген. Жыйынтыгында 35 шектүү адам кармалып, анын ичинде 3 Кыргыз жараны бар. Анын бири - Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу экендиги тастыкталган. Кармалгандар Кытайдан Казакстанга, ошондой эле Кытайдан Кыргыз мамлекети аркылуу Казакстанга көмүскө схемалар жана жасалма документтер менен товар киргизүүгө шектелип жатышат.

Казакстандын ЖМКлары бул өлкөнүн ИИМинин алдындагы Мамлекеттик тил жана маалымат департаментинин башчысы Алмас Садубаевге шилтеме берүү менен бул депутат Казакстанда туулганын, жашы жеткенде Казакстан жарандыгын алып, ал паспорттун мөөнөтү бүткөндө Казакстандан жаӊы паспорт алганын жарыялашкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
27.02.2018. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кыйраттынар... депутаттыкка катталаарда жиберчи эленер, туштон кийин жон эле койгула.Буткул Кыргызстанды уят кылып
27.02.2018. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргызстан башка олконун жараны экенине ишенди,БШК ишенбей жатышат.
27.02.2018. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бул депутат бизнесин сакташ учун депутат болгон,бийлике зыяны жок,андыктан бийлике баш оору эмес.БШК деген органыбыз оздору билип иш кыла албайт.Ата-Мекен партиясынан бироо жарым болгондо тездик менен 1 кундон ашырбай чечим чыгарып койушмак.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: