super.kg logo

Бишкекте онкологиялык ооруларды нур терапиясы менен дарылоочу жаңы жабдык ишке кирди

 

Кыргыз өлкөсүндө "Бабатрон II" үлгүсүндөгү нур терапиясынын жаңы жабдыгы ишке кирди. Аталган аппарат Индия өлкөсүнөн гранттык негизде берилип, Улуттук онкология борборуна орнотулду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы SUPER.KG порталына билдирди.

"Бишкектеги онкология жана гематология борборуна рак ооруларын нур менен дарылоочу "Бабатрон II" жабдыгы алынып келген.

Жабдыктын ачылышы кечээ, 26-февралда премьер-министр Сапар Исаковдун, саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевдин катышуусунда болду. Дарыгерлер бүгүндөн тарта бейтаптарды кабыл ала башташты. Аппараттын жардамы менен күнүнө 120-130 бейтап нур терапиясын алууга мүмкүнчүлүк алышат.

Буга чейин аталган жабдыктар бар болчу, бирок эскилиги жеткен" дейт басма сөз кызматы.

Эске салсак, өткөн жылы саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев менен Кыргыз Республикасындагы Индия өлкөсүнүн элчиси Жаянт Кхобрагаде жолугушкан. Жолугушууда онкологиялык ооруларды дарылоочу "Бабатрон-II" аппаратын алып келүү жана орнотуу боюнча бир катар маселелер каралган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: