super.kg logo

Коомдук кеңеш: "Президент, өкмөт башчы, Жогорку Кеңештин депутаттары мөөнөтү бүткөндө жөн гана кетип калбашы керек"

 

Президент, өкмөт башчы жана Жогорку Кеңештин депутаттары мөөнөтү бүткөндө жөн гана кетип калбашы керек. Мындай пикир бүгүн, 27-февралда коомдук кеңештер менен өкмөттүн коррупцияга каршы күрөшүүгө байланышкан жыйынында айтылды.

Экономика министрлигинин коомдук кеңешинин мүчөсү Ноокат Идрисовдун айтымында, ким кандай иштегенин эл билүүсү үчүн ар биринин аткарган иштерине баа берүү зарыл.

"Кыргыз мамлекети 2017-жылдагы коррупция боюнча дүйнөлүк рейтингде 135-орунда, ички дүң продукциянын көлөмү боюнча 183-орунда, билим берүү боюнча тизменин акыркы сабында жүрөт. Ошондуктан ар бир президент, өкмөт башчы жана Жогорку Кеңештин депутаттары өз мөөнөтү бүтүп кетип жатканда экономиканы, өлкөнү кандай өнүктүргөнүн, коррупция менен кандай күрөшкөнүнө баа берүү керек. Алар жөн гана кетип калбашы керек", - деди Идрисов.

Белгилей кетсек, эл аралык "Transparency International" уюмунун 2017-жылга чыгарган жыйынтыгында Кыргыз Республикасы коррупция боюнча дүйнөлүк рейтингде 180 өлкөнүн ичинен 100дөн 29 упай алып 135-орунду ээлеген. Ал эми 2016-жылга карата чыгарылган жыйынтыкта Кыргыз мамлекети 136-позицияда болсо, 2017-жылы бир тепкичке айырмаланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: