super.kg logo

Депутат өкмөттүн энергетикага тийиштүү мыйзамга карата жасаган көңүл кош мамилесине нааразы болду

 

Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев өкмөттүн энергетикага тийиштүү мыйзамга карата жасаган көңүл кош мамилесине нааразы болду. Эл өкүлү Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети өлкөнүн электр энергия тармагын жөнгө салуучу мыйзамдын жаӊы редакциясынын долбоорун экинчи окууда карап жатканда бул тууралуу айтты.

Кожобек Рыспаев мыйзам долбоорунда экинчи окуунун жүрүшүндө өкмөт тарабынан берилген 48 сунуштун 37 сунушу эске алынганын, 11 сунушка ынанымдуу жүйө келтирилбегендиктен кабыл алынбай калганын белгиледи.

"Тилекке каршы, өкмөттүн мыйзам долбоору боюнча корутундусу өтө кечигип келди, тездетүү керек болчу. Энергетика тармагында түзүлгөн азыркы кырдаалды өзүӊөр көрүп турасыӊар, ишти илгерилетпесек болбойт", - деди Рыспаев.

Мыйзам долбоорунда өлкөнүн электр энергия тармагындагы экономикалык жана технологиялык мамилелердин жаӊы укуктук негиздери, ал мамилелердин саясатын иштеп чыгуу жана жөнгө салуу чаралары, электр жана жылуулук кубатын өндүрүү, жеткирүү, бөлүштүрүү, сатуу, экспорттоо жана импорттоо жол-жоболору камтылганы белгилүү болду. Комитет бул мыйзамды экинчи окууда колдоду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: