super.kg logo
  Саясат  

Вице-премьер-министр Санжар Муканбетов Жогорку Кеңеште Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда ант берди

 

Бүгүн, 28-февралда вице-премьер-министр Санжар Муканбетов Жогорку Кеңештин жыйынында президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда ант берди. Андан соң президентке сөз берилди.

"Вице-премьер-министрдин антын кабыл алып бергениңиздер үчүн ыраазычылык билдирем. Сиздерге ийгиликтерди каалайм! Ал эми Санжар Турдукожоевич президенттин, Жогорку Кеңештин алдында берген антын унутпай, жүрөк түпкүрүнө бек сактап, мамлекет үчүн ак кызмат кылып берет деп ишенем. Жалпы өкмөттүн ишине ийгилик каалайм", - деди Жээнбеков.

Санжар Муканбетов вице-премьер-министр кызматына 11-январда дайындалып, тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Муканбетов Санжар Турдукожоевич 1972-жылы 12-декабрда Бишкек шаарында төрөлгөн. 1994-жылы Кыргыз техникалык университетин бүтүргөн. 2003-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин экономист адистиги боюнча аяктаган.

1994-1995-жылдары "Жанар" акционердик коомунун инженери;

1995-1996-жылдары "ТНК Дастан" заводунун инженери;

1996-1998-жылдары Мамлекеттик мүлк фондунун алдындагы техникалык кызматташуу агенттигинде алдыңкы адис, биринчи категориядагы адиси;

1998-1999-жылдары Чет элдик инвестиция жана экономикалык өнүгүү мамлекеттик агенттигинде башкы адис;

1999-2001-жылдары Чет элдик инвестиция жана экономикалык өнүгүү агенттигинде чет элдик жардамды координациялоо башкармалыгында бөлүм башчы, жетекчи орун басары;

2001-2002-жылдары Финансы министрлигинин мамлекеттик инвестицияны башкаруу программасынын жетекчи орун басары;

2002-2005-жылдары Финансы министрлигинин инвестициялык саясат департаментинин директору, мамлекеттик инвестиция башкармалыгынын башчысы;

2005-2007-жылдары Экономика жана финансы министрлигинин мамлекеттик инвестиция башкармалыгынын жетекчиси;

2007-2009-жылдары экономикалык өнүгүү жана соода министринин орун басары;

2010-2014-жылдары экономика министринин орун басары;

2014-жылдан тарта финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: