super.kg logo

Казакстанда кармалган депутат Дамирбек Асылбек уулунун апасы: "Балам батыраак келсе экен деп күтүп жатабыз"

 
Дамирбек Асылбек уулунун апасы Съездгүл Супатаева.
Дамирбек Асылбек уулунун ата-энеси Каракол шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жашайт.

Казакстанда кармалган Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулунун апасы Съездгүл Супатаева уулун күтүп жатканын SUPER.KG порталына айтып берди.

"Баламды 1979-жылы Ысык-Көл облустук төрөтканада төрөгөм. Эч кандай казак эмес, улуту кыргыз. 8-классты Караколдон бүтүрүп, Бишкек шаарына кеткен. Үйгө келгенде шашып кетип калчу. Уулум кармалганын телеберүү, радиолордон угуп калдык. Балам батыраак келсе экен деп күтүп жатабыз", - деди Съездгүл Супатаева.

Супатаева баласынын улутун жана туулган жерин тастыктай турган документтер үйүндө жоктугун айтты. Ал билдиргендей, документтерди Дамирбек Асылбек уулу алып кеткен.

Эске салсак, 19-февраль күнү Казакстандын Башкы прокуратурасы аталган өлкөнүн чек арага жакын аймагында контрабанда менен шугулданган уюшкан кылмыштуу топторго каршы аракетти күчөтүү, бажыга байланыштуу тармагындагы укукка каршы ишмердүүлүктү токтотуу максатында атайын операция жүргүзүлгөнүн билдирген. Жыйынтыгында 35 шектүү адам кармалып, анын ичинде 3 Кыргыз жараны бар. Анын бири - Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу экендиги тастыкталган. Кармалгандар Кытайдан Казакстанга, ошондой эле Кытайдан Кыргыз мамлекети аркылуу Казакстанга көмүскө схемалар жана жасалма документтер менен товар киргизүүгө шектелип жатышат.

Казакстандын ЖМКлары бул өлкөнүн ИИМинин алдындагы Мамлекеттик тил жана маалымат департаментинин башчысы Алмас Садубаевге шилтеме берүү менен бул депутат Казакстанда туулганын, жашы жеткенде Казакстан жарандыгын алып, ал паспорттун мөөнөтү бүткөндө Казакстандан жаӊы паспорт алганын жарыялашкан.


кошулду





Казакстанда кармалган депутаттын апасы баласы тууралуу айтып берди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
28.02.2018. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Казак эле болуп турат го апасы. Суйлогону да непонятный
28.02.2018. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакында жибербейт го казактар 90 мин доллар менен кармалган депутатты.
28.02.2018. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Депутатты апасы ушундай уйдо турат бекен . Менимче баласы ата - энесин карабай кеткен .
28.02.2018. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Депутат болсо эле ата-энесинин беш кабат үйү болуш керекпи? Кызыктай сөздү жаза бересиңер.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: