super.kg logo

Маданият министрлиги: "Эч ким окубаган аймактык гезиттер электрондук форматка өткөрүлөт"

 

Облустук, райондук гезиттерди электрондук форматка өткөрүү демилгесин маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов көтөрүп чыкты. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат катчысы Жийде Зоотбекова билдирди.

"Өлкө боюнча райондук, облустук гезиттердин саны кыркка жетет. Ошонун баарын электрондук форматка өткөрүүнү Султан Жумагулов көтөрүп чыкты.

Аймактык гезиттердин ар биринде 6-7ден адам иштейт. Гезиттер аз тираж менен айына эки жолудан чыгат. Бирок эч ким деле окубайт. Электрондук форматка өткөрөлү деген сунуштун негизги себептеринин бири ушул.

Гезитте эмгектенгендердин айрымдары иштебей деле мамлекеттен айлык алып келгендери белгилүү болду. Алардын ордун интернетти жакшы билген, окуя болгон жерге ыкчам жетип барып жеринде чагылдырган жаш кадрларга алмаштырууга мезгил жетти.

Айрымдар гезиттер таптакыр жоюлат экен деп түшүнүп жатышыптыр. Бул туура эмес. Штат сакталып, кадрдык өзгөрүүлөр болот", - дейт маалымат катчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
28.02.2018. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аймактык газеталарга мугалимдерди, медиктерди ж.б. мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди мажбурлап жазылгыла деген жоголобу ошондо? Бирок медалдын эки бети бар дегендей газеталар үчүн өмүрүнүн көбүн арнаган эски кабарчылар, журналисттер ишсиз калышы күтүлөт эгер чындап бул сунуш ишке ашкыдай болсо.
28.02.2018. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондо бизге мажбурлап сатып жаткан гезиттерден кутулабызбы?Чынында эч Ким окубайт ал гезиттерди
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: