super.kg logo

Депутат өлкөдөгү оорулардын санын аныктоо керектигин айтты

 

Дүйнө жүзүндө оорулардын 7 миңдей түрү бар. Кыргыз өлкөсүндө канча түрдүү илдет бар экени белгисиз. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Алтынай Өмүрбекова бүгүн, 28-февралда Сейрек кездешүүчү оорулар менен күрөшүүнүн эл аралык күнү боюнча өткөн маалымат жыйында айтты.

Депутат өлкөдө канча адам кандай оору менен ооруп жатканын тактап, анын жыйынтыгында кандай оорулар бар экенин аныктоо керектигин белгиледи.

"Дүйнө жүзүндө оорулардын 7 миңдей түрү бар. Ошол эле Орусияда 230га жакын оору бар экен. Биздин өлкөдө анын саны канча экенин аныктоо үчүн алгач оорулуу адамдардын санын, алар кандай оорулар менен ооруй турганын тактасак болот. Аларды дарылоо үчүн Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан атайын протокол иштелип чыгуусу зарыл. Ал эми Сейрек кездешүүчү оорулар менен жабыркагандардын ооруларын аныктоонун, аларды дарылоо үчүн адистердин жоктугу жана керектүү дарыларды алуу чоң көйгөй жаратууда. Менин оюмча, сейрек кездешүүчү оорулар менен күрөшүү үчүн илимий изилдөөгө кенен акча бөлүп, анын жыйынтыгы менен алдын алуу аракеттерин көрсө болот. Андан сырткары, чет өлкөдөн дары ташып келип жаткандар сейрек кездешүүчү ооруларга керектүү дарыларды алып келсе, аларды төлөмдөрдөн бошотуп, каттоосуз пайдалануусуна уруксат берсек бир аз да болсо көйгөйлөр чечилмек", - деди Өмүрбекова.

Эл аралык изилдөөлөргө ылайык, дүйнө жүзүндө чанда кездешүүчү оорулардын түрү 5 миңден 7 миңге чейин жетет. Алардын катарына: Ниман-Пиктин оорусу, Гоше, Гентингтон, Альцгеймер, муковисцидоз, гемофилия, миелома, рактын ар кандай түрлөрү жана башкалар кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: