Казакстанда кармалган депутаттын улуту кыргыз экенинин далилдери





Казакстанда кармалган Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулунун атасы Асылбек Супатаев SUPER.KG порталына паспортун көрсөттү.
Анда Асылбек Супатаевдин улуту кыргыз экени жазылган.
"Баламды Казакстанда төрөлүп, жашаптыр деген маалыматтар чыгып жатат. Анын баары калп. Ал шаарды дагы билбейбиз. Төрөлгөн жери - Кыргыз мамлекети. Мен кыргызмын. Атасы кыргыз болсо, каяктан казак болмок эле? Алар эмнеге казак деп айтып жатышканын билбейбиз", - дейт Супатаев.
Ошондой эле Асылбек Супатаев уулу Дамирбек Асылбек уулунун туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсүн да көрсөттү. Анда да депутаттын атасы Асылбек Супатаевдин, апасы Съездгүл Супатаеванын улуту кыргыз деп көрсөтүлгөн. Асылбек Супатаевдин айтымында, аталган күбөлүк Дамирбек Асылбек уулу төрөлгөндө берилген. "Бул күбөлүктүн көчүрмөсүн балабыз төрөлгөндө алганбыз. Ал эми туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн өзүн уулубуз алып кеткен", - деди ал.
Мыйзамга ылайык, улут графасы атасы же апасынан алынат. Депутаттын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсүндө жазылгандай, анын атасы да, апасы да кыргыз. Демек, анын кыргыз экенинде шек жок. Бирок бул жагдай ал документтерин жасалма жолдор менен өзгөртүп, улутун казак кылып алган эмес деген далил эмес.
Мындан тышкары Асылбек Супатаев баласынын Казакстанда кармалганын угуп, кан басымы жогорулап жатканын кошумчалады.
Эске салсак, 19-февраль күнү Казакстандын Башкы прокуратурасы аталган өлкөнүн чек арага жакын аймагында контрабанда менен шугулданган уюшкан кылмыштуу топторго каршы аракетти күчөтүү, бажыга байланыштуу тармагындагы укукка каршы ишмердүүлүктү токтотуу максатында атайын операция жүргүзүлгөнүн билдирген. Жыйынтыгында 35 шектүү адам кармалып, анын ичинде 3 Кыргыз жараны бар. Анын бири - Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу экендиги тастыкталган. Кармалгандар Кытайдан Казакстанга, ошондой эле Кытайдан Кыргыз мамлекети аркылуу Казакстанга көмүскө схемалар жана жасалма документтер менен товар киргизүүгө шектелип жатышат.
Казакстандын ЖМКлары бул өлкөнүн ИИМинин алдындагы Мамлекеттик тил жана маалымат департаментинин башчысы Алмас Садубаевге шилтеме берүү менен бул депутат Казакстанда туулганын, жашы жеткенде Казакстан жарандыгын алып, ал паспорттун мөөнөтү бүткөндө Казакстандан жаӊы паспорт алганын жарыялашкан.
кошулду
Алматыда кармалган депутаттын атасы



Жалалабатта УЭПте окуган экен.