super.kg logo

Кыргызгидромет: "Марттын башында аба ырайы -5 градуска чейин төмөндөп, айдын биринчи жарымы жаан-чачындуу болот"

 

Өлкө аймагы боюнча март айында өткөн жылдын март айына салыштырмалуу суук болот. Бул тууралуу 28-февралда SUPER.KG порталына Кыргызгидрометтен кабарланды.

Маалыматка ылайык, жаздын биринчи айынын биринчи жарымы жаан-чачынга бай болушу болжолдонууда.

"Марттын биринчи он күндүгүндө жаан-чачын көп болот. Ал эми түндүк региондо, айрыкча тоолуу аймактарда жааган жамгыр карга айланышы мүмкүн. Бишкек шаарында, Чүй, Талас жана Ысык-Көл облустарында жаан жаап, карга айланат. Ал эми Нарын облусунда кар жаайт. Үшүк жүрүшү мүмкүн.

2-3-март күндөрү абанын температурасы түнкүсүн -5 градуска чейин төмөндөйт. Республика боюнча 4-марттан баштап түндүк региондо абанын температурасы +10...+15 градуска чейин, ал эми түштүк аймакта +15...+18 градуска чейин жогорулашы мүмкүн.

15-марттан баштап абанын температурасы жогорулайт. Өлкө боюнча март айында абанын температурасы нормага жакын болот жана кээ бир райондордо 1-2 градуска төмөн болушу күтүлүүдө", - деп билдирди Кыргызгидрометтин адиси.

Айта кетсек, 2017-жылы март айында аба ырайы нормадан жылуу катталган.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
28.02.2018. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Олко боюнча,анан кээ бир райондордооо
28.02.2018. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тезирээк картошка эгип алыш керек экен
01.03.2018. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
FCBMESSI,15теринде тик картошканды шашпай.
жамгырдан кийин сонун болот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: