super.kg logo
  Саясат  

“ЮИД” жаш инспекторлор командасы Орусияда өткөн сынакта 1-орунду жеңип алышты

 
Жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын башчысынын орун басары А.Сарбагышов менен "ЮИД" командасы
Бишкек ШИИБинин башчысы Мелис Турганбаев жаш инпекторлорду жеңиши менен куттуктады
Мелис Турганбаев жаш инспекторлорго акчалай сыйлык тапшырды

2-8-июнь күндөрү Орусиянын Москва облусунун Одиновский районунда өткөн “Безопасное колесо” аттуу эл аралык сынакка Кыргызстандын жаш инспекторлору катышты. Иш-чарага Орусиянын бардык аймактарынан жана Кыргызстан, Беларусь, Тажикстан, Украина өлкөлөрүнөн чогулган 98 команда катышты. Сынак 6 түр менен өтүп, баарын мыкты деңгээлде аткарган Бишкек шаарындагы №1-мектеп гимназиясынын 6-классынын окуучулары, башкача айтканда, “ЮИД” командасы КМШ өлкөлөрүнүн арасынан 1-орунду ээлешип, баалуу белектер менен сыйланышты. Айта кетсек, жаш инспекторлор Бишкек ШИИББине караштуу Жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын колдоосу менен барып келишти. Эми “ЮИД” командасындагы Кылымбек Зайырбек уулу, Дастанбек Калыков, Нурпери Жыргалбек кызы менен Айжан Садырова сентябрь айында Украинада өтө турган жаш инспекторлордун сынагына катышууга жолдомо алды. Алардын мындай жетишкендиги менен Бишкек ШИИБинин башчысы Мелис Турганбаев куттуктап, өзүнүн акчалай белегин тапшырды. “Мен да жатак мектепте чоңойгом. Ошондуктан сабактарды калтырбай, жакшы билим алгыла демекчимин. Биз силердей болгон жаш таланттарды ар дайым колдойбуз. Украинага барарыңарда биз сөзсүз колдоо көрсөтөбүз,- деди Турганбаев.   






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: