Дарыгер: "Өзгөндөгү мечитте бычактан жаракат алган жарандын абалы туруктуу"
Ош облусунун Өзгөн районунда намаз учурундагы жаңжалда бычактан жаракат алган жарандын абалы туруктуу. Бул тууралуу бүгүн, 28-февралда SUPER.KG порталына Ош облустук ооруканасынын дарыгери Жоомарт Сарыбаев билдирди.
Анын айтуусуна караганда, бычактан жаракат алган 40 жаштагы жаран ооруканага 26-февралда саат 16:30дар чамасында келип түшкөн.
"Анын абалы туруктуу, ага алгачкы хирургиялык жардамдар көрсөтүлдү. Ал 2 жерине, ийинине жана бетине курч нерсе менен жаракат алган", - дейт дарыгер.
Айта кетсек, буга чейин Ош ОИИБинен Өзгөн районунун Красный Маяк айылындагы мечитте эки адам жаңжалдашып, бири бычактан жаракат алганын кабарлашкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:51
2025-07-19

13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.