super.kg logo

Малика Дина: "Учурда жүрөгүмдүн ээси бар, качан турмушка чыга турганымды убакыт көрсөтөт"

 

Бир нече мүнөттөрдөн соң SUPER.KG порталынын Түз эфиринде ырчы Малика Динанын маеги башталат. Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Динара Акулова менен Абдумалик Шерматовдун кызы Малика Дина карьерасын кичинекей кезинен эле баштаган. Алгач сахнага бийчи катары чыга баштаса, кийинчерээк ырчылыкка киришкен. Ырчы жакында эле "Айтчы себебин" деген ырынын клибинин бет ачарын өткөргөн. Аталган клипке казак актёру Еркебулан Токтар катышкан.

Малика Динага арнаган жылуу ой-пикирлериңиз же кызыктуу суроолоруңуз болсо, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, түз эфир жүрүп жатканда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып, жооп алсаңыздар болот. Ырчы бүгүн саат 15:00дө баштала турган SUPER.KG порталынын түз эфири учурунда берилген суроолорго жооп берет.

Эске салсак, суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.

15:00 Ырчы Малика Дина SUPER.KG`нин Түз эфирине кечигүүдө.

15:30 Малика Динанын Түз эфирдеги маеги башталды. Ырчы кечигип калуусуна жолдогу унаа тыгыны себеп болгонун айтып берди.

Суроо: "Малика,14-февралды Алматы шаарында тосконуңду көрүп калдык, сыр болбосо ким менен тостуң?"

Жооп: "Сыр эмес, Алматыда досторум көп. Ошолор менен чогуу тостум. Алардын арасында казак актёру Еркебулан Токтар да болду".

15:38 Окурмандын "кызың бала бакчага барабы?" деген суроосуна, "кызым бала бакчага барбайт, аны апам тарбиялайт. Менимче, апамдан тарбия алганы алда канча жакшыраак" деп жооп берди.

15:41 Ырчы казак актёру Еркебулан Токтар менен жакшы дос экендигин, экөөнүн ортосунда сүйүү мамилеси жоктугун айтты.

15:43 "Кызыңдын атасы аны көргөнгө келип турабы жана ага каржы жактан жардам берип турабы?" деген суроого, "жок, келбейт жана каржы жагынан жардамдашпайт. Кызым "папа" деп атасын издеп турат", - деп жооп берди.

15:45 "Азыр көпчүлүк адамдар жарандык никеде жашаганы менен, ортолорунда нике бар. Сөзсүз түрдө чоң той берүүнүн кажети жок, эң негизгиси эки тараптын тең жакындары колдоп, никеге туруу зарыл", - дейт ырчы жарандык нике тууралуу.

15:47 Окурмандын "Турмушка чыгып ажырашкан туурабы же сүйүктүүңдү жолуктурганга чейин күйөөгө тийбей турган жакшыбы?" деген суроосуна, "Албетте, күтүү туура. Себеби "бул ажырашкан кыз" деген сөздөн көрө, "и-ий, ушул кызды турмушка бериш керек эле" деген сөз артык", - деп жооп берди.

15:50 Ырчы алып баруучу даярдаган оюнга активдүү катышууда.

15:54 "Мен кичинемден бери балдар менен көбүрөөк достошуп келем. Андыктан досторумдун арасында кыздардын саны аз", - дейт ырчы.

15:55 "Чынын айтсам кызымдын шоу-чөйрөсүнө аралашуусун эмес, офисте отуруп иштеген кызматкер болуусун каалайм. Бирок өзүнүн каалоосу болсо, чек коюуга укугум жок", - деди ырчы.

15:57 "Мен бой жеткендиктен апам экөөбүз эки бөлөк жашоону чечкенбиз. Бирок жашаган жерибиздин аралыгы 5-6 эле көчө. Кызым 15 күн менде, 15 күн апамда болот", - дейт Малика Дина.

16:00 Суроо: "Шайыр Касымалиеванын кызы, аталаш эжеңиз Мээрим менен катташасызбы?"

Жооп: "Ооба, кичинемден бери катташып келем. Мамилебиз абдан жакшы. Мүнөзүбүз да окшош, дайыма сырдашып турабыз. Ал эми өзүмдүн бир тууган эжем Мэри Дина өтө эле токтоо, ал экөөбүздүн мүнөзүбүз таптакыр окшошпойт".

16:04 Суроо: "Келечектеги жолдошуң кандай болуусун каалайсың?"

Жооп: "Албетте, мен дагы бактылуу үй-бүлөлөрдүн катарын толуктагым келет. Келечектеги жолдошум мени түшүнгөн инсан болуусун каалайм. Себеби бири-бирин түшүнбөгөн адамдар чогуу болушса, баары бир жашап кете алышпайт экен. Учурда мени түшүнгөн жүрөгүмдүн ээси бар. Качан турмушка чыга турганымды убакыт көрсөтөт".

16:08 "Чет өлкөлүк кароо-сынактарга катышууга оюң барбы?" деген суроого, "Пландарым өтө чоң. Азыр продюсерим менен бул жөнүндө ойлонуп жүрөбүз. Буюрса, ал күн да алыс эмес", - деп жооп берди.

16:12 Ырчы өзүнө жаккан суроо жазган окурманга белегин таштап, жалпы окурмандарга арнап "Жаным" чыгармасын аткарып берди.

16:15 Ырчы Малика Динанын Түз эфирдеги маеги соңуна чыкты.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(28)
28.02.2018. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Малика кечикпечи
28.02.2018. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Ай Малика Малика Динара Эжени жакшы эле кыйнадынго чиркин.
28.02.2018. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-11
ady-88, aza84, адамдын намысына шек келтирген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
28.02.2018. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азыр келип калат
28.02.2018. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кыргыздар качан кечикпечу эле?озунорду немис сезип алыпсынар да
28.02.2018. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
тойлор,концерттер 1.5 саат кеч башталат, анан убагында келмекпи артистер
28.02.2018. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Салам, Кыргызстандын келечегин кандай элестетесиз?
28.02.2018. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Суроону кайда берсе болот?
28.02.2018. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Aidar.001, саламатсызбы, ушул жерге калтырып койсоңуз болот.
28.02.2018. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Танцага тушолуучу эх чырагым,
Тартандап бийлей турган курагым.
Тойдо кылган кылыгына суктанып,
Тостойуп мен токтоналбай турамын.
karakulja түзөттү 2018-02-28 15:44:46
28.02.2018. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Семирип кетиптирго гигант болуп
28.02.2018. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Еркебулан Токтар менен кыз -жигит мамиледе деп интернет айдынына экоонордун чогуу сейилдеген суротторунор чыкты,Салам Кыргызстанга келгенде жигитим Кыргыз эмес экен дедин.Демек бул туура деп билсек болобу???
28.02.2018. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Саламатсызбы карындаш! Омурдо адам баласы максатсыз жашабаса керек, сиздин да койгон максаттарыныз болсо айта кетсениз? Динара эжеге салам жана чыгармачылык ийгилик сиздерге! !!
28.02.2018. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Салам Малика 1-ден келе жаткан 8-март эл аралык аялдар куну куттуктайм жалпы энелерди эже-карындаштарды жана сени да
2-сен кичине кезинде бийлейт элен сахнада азыр туз эфирде бийлеп берчи 8-мартка аялдар кунуго ?
28.02.2018. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Машина чуусу бүткөнбү
28.02.2018. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Куйоон менен эмнеге ажыраштын
28.02.2018. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Биринчи турмушундан кайра жарашуу тууралуу сунуштар болдубу?
28.02.2018. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Малика жаз келе жатат кичине фитнеске барсан кыялына келбетин соонун жарашмак аялдык бакыт каалайм!!!
28.02.2018. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Апасынын жалгыз кызы болсо, чогуу эле жашабайбы уят эле, кыз баласынго, эркек болсонда бир жон, апана баш бербеген озум билемдик кылган кыз экенсинда, ошол учун кичинеинде орусча тарбия бербей накта кыргыздын тарбиясы менен остуруу керек, бул кыз орус садике орус школго барып, апасын да карабай калган тура
28.02.2018. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
эмнеси болсо да, ушу кызды сыйлайм да. Балким таланты учун? Билбейм айтор.
28.02.2018. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
магада апасы менен жашабаган жери жакпады
01.03.2018. 01:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Малика озу сонун кыз, ото толуп кеткени жакпады. Менин жашыма баргычакты кокууй болуп кетпесе экен. Диета кармачы айланайын.
01.03.2018. 01:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Внешностун чон аялдай болуп калыптырго
01.03.2018. 01:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Муну Динара озу торогонбу? Торосо кимден торогон?
01.03.2018. 02:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мектепти деле кыйратпапсын да. Сен жооп бергенче, мен жооп берип аттым. Кай менен Герданы билбесен... соз жок.
01.03.2018. 03:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир убакта апасы жазды эле..кызымдын ырчы болуусун каалбайм деп....эми Малика да ошол кунго келиптир
01.03.2018. 07:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Малика бармагын озундо
01.03.2018. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биз апабыздын жанында болууга зар болуп атсак... кенен басып, кенен турайын дегени го, жакпай калды.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: