super.kg logo

Казакстанда кармалган депутаттын айылдашы жана тууганы: "Дамирбек Асылбек уулунун туугандары Караколдо жашашат"

 
Дамирбек Асылбек уулунун айылдашы
Дамирбек Асылбек уулунун тууганы

"Дамирбек Асылбек уулу "Казакстандын жараны, Казакстанда төрөлүптүр" деп айтылып жатат, бирок ал жерде төрөлгөн киши кантип кичинекей кезинде бул жерде жүрмөк эле?" - деп 28-февралда SUPER.KG порталына Казакстанда кармалган депутаттын айылдашы Эрлан Маргозуев билдирди.

Анын айтымында, депутаттын туугандары Караколдо жашашат.

"Дамирбек Асылбек уулу Маман айылынан болот. Бирок шаарда чоңоюп, шаарда окуганын так билем", - деди Маргозуев.

Ал эми депутаттын тууганы Орозон Бекбоев Маман айылынын тургундары Дамирбек Асылбек уулу кыргыз экенин биле турганын айтты.

"Динарбектин (Дамирбек Асылбек уулу ред.) атасы Асылбек, Асылбектин атасы Сатылкан, Сатылкандын атасы Супатай, Супатайдын атасы Атай деген киши болгон. Атай деген менен менин чоң атам бир тууган болгон. Биз бир атадан тараган тууганбыз. Мурда Динарбекти Казакстандын атынан күрөшүп жүргөнүн укканбыз. Мүмкүн ошондо тренерлери тарабынан Казакстандын жараны деген паспорт алынып берилгендир", - деди Орозон Бекбоев.

Эске салсак, 19-февраль күнү Казакстандын Башкы прокуратурасы аталган өлкөнүн чек арага жакын аймагында контрабанда менен шугулданган уюшкан кылмыштуу топторго каршы аракетти күчөтүү, бажыга байланыштуу тармагындагы укукка каршы ишмердүүлүктү токтотуу максатында атайын операция жүргүзүлгөнүн билдирген. Жыйынтыгында 35 шектүү адам кармалып, анын ичинде 3 Кыргыз жараны бар. Анын бири - Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу экендиги тастыкталган. Кармалгандар Кытайдан Казакстанга, ошондой эле Кытайдан Кыргыз мамлекети аркылуу Казакстанга көмүскө схемалар жана жасалма документтер менен товар киргизүүгө шектелип жатышат.

Казакстандын ЖМКлары бул өлкөнүн ИИМинин алдындагы Мамлекеттик тил жана маалымат департаментинин башчысы Алмас Садубаевге шилтеме берүү менен, бул депутат Казакстанда туулганын, жашы жеткенде Казакстан жарандыгын алып, ал паспорттун мөөнөтү бүткөндө Казакстандан жаӊы паспорт алганын жарыялашкан.






Казакстанда Кыргыз депутатынын айылдашы

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
28.02.2018. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми Мал кайтарабы кой багабы кичинесинде не болсода.... Коррупция аткезчилик, мыйзамсыз иштерге арашканга Депутат катары моралдык укугу жок болчу жанагы Озбек авторитети Салим байбачча менен тушкон суроту деле бекеринен болбосо кк. Все равно илешкен жери барда
28.02.2018. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Uli6886,cот чечим чыгармайынча илээшти баланча түкүнчө дегендин өзү туура эмес.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: