Жалал-Абад. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарга арналган семинар болот
14-15-июнь күндөрү Жалал-Абад облусундагы "Арстанбап" пансионатында "Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды социалдык жактан коргоо жана аларга жалпы билим берүүнү жакшыртуу" долбоорунун алкагында республикалык семинар өтөт.
"Иш-чаранын жүрүшүндө Бишкек, Ысык-Көл, Талас, Ош, Нарын, Жалал-Абад облустарынан келген коноктор тажрыйба алмашышат. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар коомго аралаша албай келишет. Аларды жаңы окуу жылына даярдап, психологиялык, медициналык, педагогикалык кеңештерди берүүнүн эрежелери тууралуу семинар өтөт",- деп билдирди Жалал-Абад шаардык "Данакер" коомунун төрайымы Айжамал Тарыхчиева. Иш-чара Евразия жана Борбордук Азия фонддорунун колдоосу менен өтүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:17
2025-06-30

13:58
2025-06-29
13:11
2025-06-29
Рейтинг:
0

