super.kg logo

Алгачкы балдар хосписи: "Дарыгерлер сейрек кездешүүчү дарттарды аныктай албай, бейтапты ооруканадан чыгарып коюп жатышат"

 

Бүгүн, 28-февраль - Сейрек кездешүүчү оорулар менен күрөшүүнүн эл аралык күнү. Буга байланыштуу дарыгерлер Кыргыз мамлекетиндеги сейрек кездешүүчү оорулар боюнча жаралып жаткан көйгөйлөрдү айтып Бишкекте маалымат жыйын өткөрүштү. "Алгачкы балдар хосписи" фондунун жетекчиси Динара Аляеванын айтымында, Кыргыз мамлекетинде сейрек кездешүүчү оорулардын көпчүлүгү аныкталбайт. Ошондой эле аларга керектүү болгон дарылардын баасы өтө кымбат экенин белгилеп өттү.

"Дарыгерлер сейрек кездешүүчү ооруларды так аныктай албагандыктан балдарды үйүнө чыгарып коюп жатышат. Дарты так аныкталбагандыктан мамлекет тарабынан берилчү жардамды алууга мүмкүнчүлүктөрү жок болууда. Себеби жардамды алуу үчүн ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендигин аныктаган документтер керек. Өз алдынча дары алайын десе, дарылардын баалары өтө кымбат. Андан сырткары, алар дартынан улам мектепке кабыл алынууда да кыйынчылыктарга туш болушат. Айрым мектептер ачык эле кабыл албай коюшууда", - деди Аляева.

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынай Өмүрбекова сейрек кездешүүчү оорулар менен ооруган бейтаптардын так саны жоктугун, аларга мамлекет тарабынан сөзсүз жардам берилүүсү керектигин кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
28.02.2018. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сейрек кездешүүчү оорулай аныктай албаса дарыгерлерде шарты жетпей жатат окшойт ???
Мисалы кайсы оорулар аныкталбай жатат ? Мага врач катары аябай кызыктуу болуп жатат . Лаборатория жагынан албетте баткактабыз, бирок аныкталбай калган оорулар жок болсо керек. Себеби биздин дарыгерлер теория жагынан алда ганча жакшыбыз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: