super.kg logo

АКШнын президенти Дональд Трамп кол чатырын өзү эле көтөрөт. Бирок ага аялын жана баласын батырбай койгону үчүн сынга алынууда

 

АКШнын президенти Дональд Трамптын кол чатырга аялын жана баласын батырбай койгону интернетте кызуу талкуу жаратты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Интернетте кеңири тараган видеодо жаан жаап жаткан учурда АКШнын президенти Дональд Трамп учакка көтөрүлүп баратып, аялы Меланья Трампты жана баласы Бэрронду кол чатырдын алдына киргизбей койгонун көрүүгө болот. Ал учактын кире беришине жеткенде артка кайрылып, эл менен коштошуп жаткан учурда суу болуп калбаш үчүн баласы жана жубайы учактын ичине шашып кирип кеткен.

Аталган видеого интернет колдонуучулар өздөрүнүн сын көз караштагы ойлорун билдирип, Дональд Трамп үчүн чач жасалгасы үй-бүлөсүнөн да кымбат турат экен деген билдирүүлөрдү жазып чыгышкан.

Кол чатырга байланыштуу кыргыз коомчулугу да буга чейин бир топ окуяларды сынга алган. Эске салсак, жардамчыларына кол чатыр карматып күндөн же жамгырдан калкаланганы үчүн убагында мурдагы маданият, маалымат жана туризм министри Камила Талиева, Бишкек шаарынын мурдагы прокурору Нурлан Сулайманкулов, Ош облусунун башчысы Таалайбек Сарыбашов да сөз болушкан.






Трамп аялы менен баласына кол чатыр бербей койду

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
01.03.2018. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Репортер журналист дегендер акча учун чымынды тоо кылат экенсинерда. Аялы шашылып кирип кетти, баласына кол чатырдын кереги эмне.
01.03.2018. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
jbolotov,ошода менда ошону ойлодум бир жакшына эле баласын кутуп киргизди го а
01.03.2018. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
коойгулачы бир жакшына эле аялы чыркап кирип кетти а баласын киргенге чейин кутуп туруптурго а
01.03.2018. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Булар кол чатырды жаандан сактануу учун колдонбойт.Жаан болгон кундода эч качан уй булосун озунун кол чатыры менен калкалабайт.Уй булоосунун коопсуздугун ойлогон.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: