super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 1-МАРТ: 1980-жылдардын жылдызына айланган "Modern Talking" тобунун солисти Томас Андерс 55 жашка чыкты

 

“Modern Talking” поп-тобунун солисти Томас Андерс чыныгы аты Бернд Вайдунг 1963-жылы 1-мартта Германиядагы Мюнстермайфельд аттуу шаарчада төрөлгөн.

Атасы бул шаардын мэри, апасы дүкөндө сатуучу болуп эмгектенген. 16 жаш курагында өзү жараткан биринчи ырынын артынан эле Томас Андерс деген псевдоним менен ырдап чыга баштаган. 1983-жылы атактуу композитор Дитер Боленге жолуккан.

Дитер менен биргеликте 1984-жылы “Modern Talking” тобун түзүшөт. Аталган топтун солисти болоору менен эле атагы алыска тарап, дүйнө кыздарынын жүрөктөрүн сыздаткан ырчы катары таанылган Томас 1980-жылдардагы поп жылдызына айланган.

Кызганчаак аялы Нора Баллингге бул нерсе жага бербей, анын бардык иштерине кийлигише баштаган. Мунун аягы топтун чачырашына алып келген. Аялынын “эми сенин жылдызың өчтү, мен сени менен бактылуу боло албайм” деген сөздөрүнөн кийин ажырашып кетишкен.
Мурунку аялы Нора Баллинг

Чыгармачылыгындагы 11 жылдык тыныгуудан кийин Дитер менен биргеликте кайрадан эле эски аталышта топту жандандырышкан. Жасаган эмгектеринин акыбети кайтып, 1998-жылы жаңы ырлары менен Европа хит-параддарынын биринчи катарларынан орун алышкан. Жеке карьерасында Томас 7 альбом чыгарууга жетишкен. Бир топ жыл жалгыздык менен күрөшүп отуруп, Томас жашоосунда дагы бир сүйүүсү Клаудиа Хесске жолуккан. Клаудианын шоу-бизнестан алыс адам экени Томаска жаккан сапаттардын бири болгон.Жубайы Клаудиа Хесс жана уулу Александр менен

Америкалык ырчы жана бийчи поп-музыканын падышасы Майкл Жексон өзүнүн "Smooth Criminal" клибинде кийип тартылган шляпасына кол тамга коюп, Томаска белекке берген.

Ырчынын паспортуна өзүнүн чыныгы аты жана сахнадагы псевдоними дагы жазылган. Азыркы тапта ырчы өзүнүн карьерасын улантып келет. 2017-жылы анын "Pures Leben" ("Таза жашоо") деген аталыштагы 7-альбому жарык көргөн.

2014-жылы 3-майда Бишкекте биринчи жолу “Ала-Тоо” эс алуу борборунун амфитеатрында легендарлуу “Modern Talking” тобунун солисти Томас Андерс концерт берген.

1- марттын жылнаамасы.






Modern Talking - Only Love Can Break My Heart

Modern Talking - Cheri Cheri Lady

Modern Talking - You re my heart 98(live)

Modern Talking - Brother Louie

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
01.03.2018. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен жакшы коргон ырчы,ырлары аябай жагат
01.03.2018. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мыкты ырчы.
01.03.2018. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Германиялык экен да мыкты ырчы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: