Депутат Бишкектеги мамлекеттик мекемелердин бардыгын шаардын четине көчүрүп, бир жерге жайгаштырууну сунуштады
Бүгүн, 1-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кожобек Рыспаев (КСДП) Бишкектеги мамлекеттик мекемелердин бардыгын шаардын четине көчүрүп, бир жерге жайгаштырууну өкмөткө сунуштады.
"Шаарда зыян түтүндөн улам оорулар көбөйүп, эмне кыларыбызды билбей турабыз. Астанада бардык мамлекеттик ишканалар бир жерде экен. Биз дагы ушундай кылсак, азыркы мамлекеттик ишканалардын имараттарынын 20-30 пайызын сатыкка койсок, бюджетке акча түшөт. Учурда мекемелер шаардын ичинде жайгашкандыктан унаа тыгындар жаралууда. Административдик шаарча куруп, бардык мамлекеттик органдарды ошол жерге көчүрсөк", - деп сунуштады Рыспаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

