super.kg logo
  Спорт  

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз өлкөсү Азия чемпиондугунун командалык эсебинде биринчи орунду алды

 

Кыргыз өлкөсүнүн грек-рим боюнча улуттук курама командасы Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпиондугунун командалык эсебинде 1-орунду алды. Грек-рим күрөшү боюнча жалпы 10 медаль топтомдору ойнотулган.

Кыргыз балбандары 8 медаль тагынышты, алар 1 алтын, 3 күмүш жана 4 коло медаль. Жыйынтыгында 157 упай топтоп, командалык эсепте алдыга эч кимди чыгарышкан жок.

2-орунда 156 упай менен Казакстан курама командасы жайгашты, казак балбандар 2 алтын, 1 күмүш жана 4 коло медаль тагынышты.

3-орунда 148 упай менен Өзбекстандын спортчулары жайгашты, өзбек спортчулары 1 алтын, 2 күмүш жана 3 коло медаль жеңип алышты.

Медалдарга жетишкен Кыргыз балбандар:

Акжол Махмудов (72 килограмм) - алтын медаль;

Атабек Азисбеков (82 килограмм) - күмүш медаль;

Жоламан Шаршенбеков (55 килограмм) - күмүш медаль;

Урмат Аматов (63 килограмм) - күмүш медаль;

Каныбек Жолчубеков (60 килограмм) - коло медаль;

Азат Бейшебеков (87 килограмм) - коло медаль;

Үзүр Жузупбеков (97 килограмм) - коло медаль;

Мурат Рамонов (130 килограмм) - коло медаль.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
01.03.2018. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кыргыз балбандарына ийгилик
01.03.2018. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар!Акжол молодец!
01.03.2018. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акжол азамат , рекламага койо турган прогиб жасады
01.03.2018. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акжол азаматсын олимпиада да дагы сенден алтын умут кылабыз жылдыз болдум деп токтобо только алдыга
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: