super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте кант диабети менен ооруган балдар үчүн "Аарылар" аттуу жаңы бала бакча ачылды

 
"Аарылар" бала бакчасы 30 балага ылайыкташтырылган
Бала бакчанын ачылыш аземине келген коноктор
Бөбөктөрдү "Шаттык" бий ансамблинин бийчилери куттукташты
"Кант диабетисиз балалык" коомдук уюмунун өкүлү Нурхан Жумабаева: "Балдардын ар бири менин өз баламдай болуп калышты"
Бала бакча ачуу демилгеси ишке ашканына кубанган Н.Жумабаева көзүнө жаш алды
Аруу, таза, бейкапар алтын балалык
Бала бакчанын ачылышына көптөгөн коноктор келишип, сөз сүйлөштү
Кызыл тасма кесилүүдө
Бала бакчанын ичи заманбап үлгүдө жасалгаланыптыр
Бала бакчанын ичи заманбап үлгүдө жасалгаланыптыр
Бала бакчанын ичи заманбап үлгүдө жасалгаланыптыр
Бала бакчанын директору Нурхан Жумабаеванын кызы Назима да бала бакчага келет
Бөбөктөр 1-күнү эле сүрөт тартканды үйрөнүп башташты
Бала бакчада кичинекейлер үчүн толук шарт түзүлгөн
Бала бакчада кичинекейлер үчүн толук шарт түзүлгөн
Бала бакчада кичинекейлер үчүн толук шарт түзүлгөн
Бала бакчада кичинекейлер үчүн толук шарт түзүлгөн
Бала бакчада кичинекейлер үчүн толук шарт түзүлгөн
Бала бакчада кичинекейлер үчүн толук шарт түзүлгөн
Ашкана. Таза жана жагымдуу...
"Аарылар" бала бакчасынын ачылышында "Аарылар" бийи тартууланды
Бөбөктөргө оюн болсо жетиштүү
Бөбөктөргө оюн болсо жетиштүү
Бөбөктөргө оюн болсо жетиштүү (Бала бакча башчысынын жардамчысы тарбиялануучуга жол куроону үйрөтүүдө)

Бүгүн, 13-июнда Бишкек шаарында кант диабети менен ооруган балдар үчүн “Аарылар” аттуу бала бакча ачылды. Мындай бала бакча Кыргызстанда алгачкы ирет ачылып жатканы айтылды. Өзүмдүн кызым 1,5 жашында кант диабети менен ооруп калган. Ошол себептен ушундай идея келип, демилге көтөрүп чыктым”,- дейт жаңы мекеменин директору Нурхан Жумабаева. Бүгүнкү күндөн тартып бала бакчада 3 жаштан 6 жашка чейинки кант диабетине кабылган 12 бала тарбия алып баштайт. Бул жер 30 балага ылайыкташтырылып, андагы тарбиячылар жамаатында 5 киши бар. Белгилей кетсек, Бишкек шаары боюнча 27 бала аталган илдет менен ооруйт. “Бул жерден балдар өз маалында аларга туура келген инсулин терапиясын алышып, диабеттерге ылайыкталган тамак-аш жешет. Балдардын канындагы канттын деңгээлине медицина кызматкерлери тынбай көз салып турушат”,- деп кошумчалады Жумабаева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: