super.kg logo
  Саясат  

Депутат Акылбек Жамангулов жаңы салынган жолдордун сапаты оңолбой жатканын айтты

 

"Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Акылбек Жамангулов жаңы салынган жолдордун сапаты оңолбой жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 1-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Акыркы он жыл аралыгында көп жолдор салынып, оӊдолду. Бирок жолдун сапаты оӊолбой келет. Өкмөт жол салуучу компаниялардан сапатты талап кылып, ал боюнча чараларды көрүшү керек. Мына былтыр кытай грантынын эсебинен Бишкек шаарынын бир топ көчөлөрү оӊдолду, аны быйыл кайра оӊдоп отурабыз. Бишкек-Нарын-Торугарт жолу 3 жыл мурда курулган. Аны жамоого аргасыз болдук. Эки жылдан бери Балыкчы-Корумду жолу бүтпөй жатат. Быйыл күзүндө Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт, жол азыркыга чейин оңдоло элек. Жол салган компаниялардан сапатты талап кылып, алардын жоопкерчилигин караш керек", - дейт эл өкүлү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: