super.kg logo

Депутат өкмөт "Аймактарды өнүктүрүү жылы" боюнча жарлыктын аткарылышы тууралуу маалымат берип турушу керектигин айтты

 

"Бир Бол" фракциясынан депутат Бакирдин Субанбеков өкмөт "Аймактарды өнүктүрүү жылы" боюнча жарлыктын аткарылышы тууралуу маалымат берип турушу керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 1-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Президент Сооронбай Жээнбеков эӊ алгачкы жарлыгы менен 2018-жылды "Аймактарды өнүктүрүү жылы" катары жарыялаган. Жакшы демилге болду. Тилекке каршы, анын аткарылышы боюнча маалыматыбыз жок. Өкмөт жарлыктын аткарылышы тууралуу маалымат берип турушу керек. "Ааламга жол айылдан башталат" деп айтылат. Биз элет жергесин өнүктүрүүгө өзгөчө көӊүл бурушубуз зарыл. Өкмөт жыл жыйынтыгында мыкты аймакты, мыкты райондорду аныктап, аларга колдоо көрсөтүп турса жакшы болмок. Ошондо аймактар кыйла өнүкмөк", - дейт депутат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: