super.kg logo

Жанар Акаевдин сынына "Кыргыз темир жол" ишканасы жооп кайтарды

 

"Кыргыз темир жол" ишканасында эч кандай мыйзам бузуу иштери жок", - деп бүгүн, 1-мартта SUPER.KG порталына аталган ишкананын басма сөз катчысы Эркин Каимов билдирди.

Анын айтымында, бардык иш өз нугунда мыйзамга ылайык аткарылып жатат.

"Мыйзамдуу жол менен тендерден утуп алган казакстандык компания менен келишим түзүлгөн. Алар 150 вагон менен камсыз кылып беришмек. Бүгүнкү күндө 60 вагон жөнөтүштү. Биз аны түштүк жергесиндеги ишкерлерге таратып бердик. Дагы 30 вагон келе жатат. Калган 60 вагон 1-апрелге чейин бизге келип түшөт. Эч кандай макулдашуу бузулган жок. Вагондордун кеч жөнөтүлүшү боюнча компания 2-февралда кат жүзүндө түшүндүрмө берген. Казакстандагы сууктан улам техникалык процесстер үзгүлтүккө учурап, келишимдеги мөөнөткө чейин ишти бүтүрүүгө жетишпей калышкан. Келишимде мөөнөтүнөн кечиктирсе айып пул төлөнөт деген жери бар. Бирок биз өнөктөш катары түшүнүү менен кабыл алдык", - деди Каимов.

Эске салсак, бүгүн, 1-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев "Кыргыз темир жолу" ишканасында мыйзам бузуулар көп экенин, коррупциялык шек жараткан бир канча маселелерди белгилеген.

"Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунан 8 миллион 380 миң сом насыя алган. Ага ылайык, январдын аягына чейин 150 вагон иштеп башташы керек болчу. Бүгүнкү күнгө чейин вагондор келе элек. 40 вагон келди, анын 10го жакыны азыркы талапка жооп бербеген эски тетиктер менен келген. 40 вагон тең тендердин талаптарына жооп бербейт. Менин колумда башкы инженердин колу коюлган тастыктоочу документтер турат. Бул вагондорду ортомчу казак фирмасы аркылуу сатып алуу келишими түзүлгөндө эле күмөн жаралган. Ушул күнгө чейин Жалал-Абадга вагондор толук жеткириле элек. Качан жеткирилет белгисиз. Келишимди аткарбаган тарап айып пул төлөш керек болчу. Ишкананын жетекчилигинин шалаакылыгынан улам казак фирмасына азыркы күнгө чейин айып пул салына элек. Бул жерде коррупциялык макулдашуулар көрүнүп турат", - деген Акаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
01.03.2018. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-13
Эх
rysik79 түзөттү 2018-03-01 13:51:10
01.03.2018. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
rysik79, XXXX ...ал чындыкты айты тушунсон ...
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-03-01 13:55:16
01.03.2018. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
rysik79,кыскасы
01.03.2018. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аппак каардай таптаза чиркин эх чиркин.
01.03.2018. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кызыны эмнеге жумушка алды ыя? КТЖ банкротболоюн деп турат жакшы бир иштей турган азаматты койсо кичине озгоруу болот.Жанар туура айтат кучтуу менеджер керек кызына жумуш тапчуу эмес!!
01.03.2018. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Төө десе бээ деп жооп беришиптир го
01.03.2018. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Москвага поезд менен баргандан самолет менен барган ыңгайлуу тез жана арзан болуп калган. Билет баасын асмандын башына чыгарып албай арзаныраак кылса кардарлар көбөйсө керек. Ошол темир жол жакшы иштеп турган убакта көпчүлүк эл поезд менен каттачу.
01.03.2018. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ууру тойгончо жеп,олгончо карганат!Корбой туруп эле билип койсо болот коррупция бар экенин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: