super.kg logo

ТИМ: "Орусияда 24 жаштагы Кыргыз жаранынын 15 жаштагы кызга ыплас аракеттерди жасаганы аныкталган эмес"

 

Орусиянын Камчатка крайында Кыргыз жаранынын 15 жаштагы кызга ыплас аракеттерди жасаганы аныкталган жок. Бирок ал башка мыйзам бузууларга айыпталып абакта кармалып турат. Бул тууралуу бүгүн, 1-мартта SUPER.KG порталына Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүү 24 жаштагы Э.Т. Ош облусунун тургуну.

"Тергөөнүн жыйынтыгында ага коюлган айып тастыкталбагандыктан Э.Т. аттуу Кыргыз жараны кылмыш жоопкерчилигинен бошотулган. Бирок анын Орусиянын аймагында жүрүүгө уруксат кагаздары болгон эмес. Ага байланыштуу убактылуу кармоочу жайда кармалып турат. Жакынкы күндөрү ал Орусиянын аймагынан депортацияланат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Айта кетсек, буга чейин Камчатка крайында 24 жаштагы Кыргыз жараны 15 жаштагы орус кызга ыплас аракеттерди жасаган деп шектелип кармалганы кабарланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
01.03.2018. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2

Жалаа жаап адам жузун жер каратышат (
01.03.2018. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эптеп бир постава кылайын дегенго,тигил кыздын ата энеси.

Ошол кыздын ата энесине айтаар элем. Озунор кызынарды козомолдоп алгыла,биздин балабызды жону жок куноолобой.

1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: