super.kg logo

"Кыргыз темир жолу" ишканасы: "Ишканада коррупцияга шек жараткан көрүнүштөр жок"

 

Бүгүн, 1-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев "Кыргыз темир жолу" ишканасында коррупцияга шек жараткан маалыматтарды белгилеп, ишкананы жетекчилер өз менчигиндей колдонуп жаткандыгын билдирген.

SUPER.KG порталына "Кыргыз темир жолу" ишканасынын басма сөз катчысы Эркин Каимов аталган айыптоолор негизсиз экенин билдирди.

Каимовдун айтымында, мейманкана курулган жер аталган ишканага тиешеси жок. "Жер ишкананын жетекчиси Алмазбек Ногойбаевдин кызы Асел Ногойбаеванын өзүнө катталган. 49 жылга ижарага алып иштетип жатыптыр. Ал жерде эч кандай мыйзам бузуу жок, прокуратурадан, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан келип текшерип кетишкен.

Ал эми депутаттын ишкана "Өзбекстандын карызын кечип жиберди" дегени жаңылыш маалымат, карыз кечилген жок. Учурда бул маселе боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", - деп билдирди Каимов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
01.03.2018. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чын чынына келгенде эн чон коррупция ушул тармакта негизи.
01.03.2018. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Э.Каимов жалганчы эч качан жарыбайт ошону унутпа!Ж.Акаев бир нерсени билбесе жөндөн жөн эле айтпайт актанбай эле кой!
Azatbek83 түзөттү 2018-03-01 14:20:00
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: